Редакцияот 11.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 11-апрели №8/31

 “Баткен өнүктүрүү” фонду тарабынан көчө тазалоочу атайын техника сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджет эсебинен  өздүк салымды  (20% өздүк салым)   1 340 000 сом өлчөмүндө бөлүп берүү жөнүндө

 

 

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы                         №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз,  шаардык кенештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 09-апрелиндеги №8 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     “Баткен өнүктүрүү” фонду тарабынан көчө тазалоочу атайын техника сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджет эсебинен  өздүк салымды  (20% өздүк салым) 1 340 000 сом өлчөмүндө бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

 

2.     Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Кызыл-Кыя шаардык Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын тапшырылсын.

 

 

Төрага

Ж.Аматов