Редакцияот 25.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 7-сессиясынын 5- кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 25-апрели №1

 

    Ат-Башы районунун аймагынан мамлекеттин менчигине Чар аймагындагы эс алуу жайы алынган . Мамлекеттин мүлк фондусунун буйругу менен Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын карамагына берилген Чар эс алуу жайын Ак-Моюн айыл өкмөттүн карамагына алуу    жөнүндө

 

X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 7-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.

 

                                           ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.              Ат-Башы районунун аймагынан мамлекеттин менчигине Чар аймагындагы эс алуу жайы алынган Мамлекеттин мүлк фондусунун буйругу менен Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын карамагына берилген .Чар аймагындагы эс алуу жайы Ат-Башы токой чарбасынын жер аянтында жайгашкан .Жалпы 0,25 га жер аянтында 6 объектини ,Ат кана,кафе,склад, мергенчи бөлмөсү,мейманкана ,мончо  курулуштары . Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн карамагына алууга  макулдук берилсин

 

2. Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын карамагына берилген .Чар аймагындагы эс алуу жайы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн карамагына өткөзүп берүү үчүн  камиссия түзүлүп өткөрүү актынын негизинде өткөрүлүп алынсын .

 

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4. Бул токтомдун  аткарылышын камсыз кылуу  жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине   тапшырылсын.

 

5. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алакуновго жана өзүмө   калтырам.

 

 

 

     .Төрага:

Б. Султангазы у