КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-январы № 2748-VII
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна А.С.Жамангуловду дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жана 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 29-январындагы ПЖ № 22 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Жамангулов Азамат Саадатбековичти дайындоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Н.Тургунбек уулу |