Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз II сессиясы
2024-жылдын 10-декабры № 2/2
Туруктуу комиссиялардын сандык, сапаттык курамын бекитүү жөнүндө
Кароол айылдык кеңешинин туруктуу комиссиялардын сандык, сапаттык курамын бекитүү жөнүндөгү маселе, сессиянын жүрүшүндө талкууланып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 33,34,36-беренелеринин Кароол айылдык кеңешинин регламентинин негизинде Кароол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айылдык кеңешинин алдында төмөндөгүдөй туруктуу комиссиялар түзүлсүн:
- “Социалдык маселелер, билим берүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар, жаштар, спорт, маданият жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссия”;
- “Мыйзамдуулук, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссия”;
- “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иштер, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссия”;
- “Архитектура, курулуш, транспорт, жер, айыл чарбасы жана экология боюнча туруктуу комиссиясы”.
2. Туруктуу депутаттык комиссиялардын курамы төрага жана орун басарлары төмөндөгүдөй бекитилсин:
“Социалдык маселелер, билим берүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар, жаштар, спорт, маданият жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын” курамы:
- Төрагасы Жалилов Чолпонбек Муратбекович;
- Орун басары Абдразакова Нуркан Шакировна;
- Мүчөсү Садыкова Насипкан Токтогуловна;
- Мүчөсү Акматалиева Мариана Тургунбаевна;
- Мүчөсү Жаныбеков Баяман Жаныбекович.
“Мыйзамдуулук, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын” курамы:
- Төрагасы Омурзаков Арстанбек Гуламович;
- Орун басары Курманбаева Парзаим;
- Мүчөсү Адраимиова Жумагүл Абдиевна;
- Мүчөсү Алтымышов Акылбек Мамасалиевич;
“Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иштер, жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын” курамы;
- Төрагасы Шерматов Болотбек Шерматович;
- Орун басары Пиришова Жайнагүл Таласбековна;
- Мүчөсү Койчубаев Шекербек Шарабидинович;
- Мүчөсү Таштанбек уулу Тагдырбек;
- Мүчөсү Идирисов Алманбет Асанбаевич.
“Архитектура, курулуш, транспорт, жер, айыл чарбасы жана экология боюнча туруктуу комиссиясысынын” курамы;
- Төрагасы Тургунбай уулу Улукбек;
- Орун басары Жантөрөева Жанара Жолоновна;
- Мүчөсү Сополова Айчүрөк Сүйүновна;
- Мүчөсү Бийжанов Замирбек Мийзамидинович;
- Мүчөсү Кыргызбаев Нурсултан Бактыбекович.
3. Туруктуу комиссияларга 2024-жылдын 31-январына чейин 2025-жылга карата тиешелүү иш пландарын иштеп чыгуу жагы тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Э.М.Эралиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| А.М.Камбардинов |