Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз II сессиясы
2024-жылдын 10-декабры № 2/7
Кароол айыл өкм өтүнүнө караштуу “Жаман-Адыр” участкасындагы жеке турак жай куруу үчүн берилген башкы пландын 15/24-сандуу шиферин бекитүү жөнүндө
Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Мырза-Арык айылынын “Жаман-Адыр” участкасындагы көчкүдөн жабыркагандарга берилген жер тилкесинин башкы планынын 15/24-сандуу шиферин бекитип берүү жөнүндө Кароол айылдык кеңештин кезексиз II сессиясында депутаттардын кароосуна сунушталып, талкууланып, Кароол айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтунө караштуу “Жаман-Адыр” участкасындагы көчкүдөн жабыркагандарга 60%, ал эми Мырза-Арык айылынын тургундарына 40% деп жеке турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкесине жасалган башкы пландын 15/24-сандуу шиферин бекитип берүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, “Кадастр” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агентигинин Өзгөн филиалынан жана Өзгөн райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Кароол айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Э.М.Эралиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.М.Камбардинов |