Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 3/1
Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Алайчиевдин 2024-жылы аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө
Кароол айыл аймагындагы иштин жалпы абалы жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана анын жүрүшү ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу аймактын социалдык-экономикалык программаларынын аткарылшы жана калкты социалдык жактан корголушу жөнүндө 2024-жылдагы отчету Кароол айылдык кенешинин регламентине ылайык жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик адиминистрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 34-беренесинин 2,3,5 жана 6 пункттарынын негизинде айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйынынын маалыматын угуп жана талкуулап, Кароол айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту канааттандырарлык деп бекитилсин.
2. Бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты жактырылсын.
3. Муниципалдык менчиктин пайдаланышы, жаатындагы берилген протоколдук тапшырмалардын аткарылуусу боюнча отчеттор 2025-жыл ичинде аткарууга алынсын.
4. Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңештин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын жалпы көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.
Төрага |
| А.М.Камбардинов |