Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 3/2
Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо жөнүндө
Кароол айыл өкмөтүнүн “Кароол” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.М.Тайчабаровдун 13.01.2025-жылдагы катын, Кароол айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басар – жооптуу катчысы Ж.С.Торобаевдин ушул сессиядагы өтүнүчүн жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмүнүн 19.12.2024-жылдагы №4/16 сандуу буйругун, тиешелүү туруктуу комиссиясынын корутундуларын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 сандуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын талабына ылайык, Кароол айылдык кеңешинин кезектеги 3-сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кароол” муниципалдык ишканасынын өтүнүчү канааттандырылсын.
2. Калктын ичүүчү сууга болгон ар бир кожолук үчүн ар ай сайын төлөмү 150 сомго бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
| А.М.Камбардинов |