Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 3/4
Кароол айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджеттинин аткарылышынан үнөмдөлүп калган 5 737 700 (беш миллион жети жүз отуз жети миң жети жүз) сомдун ичинен 3 737 700 миллион жети жүз отуз жети миң жети жүз) сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Кароол айыл аймагынын Мырза-Арык айылынын жашоочуларынын жана Кароол айылдык кеңешинин депутаттарынын кайрылууларын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 сандуу “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын талабына ылайык, Кароол айылдык кеңешинин кезектеги 3-сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айыл өкмөтүнүн 2024-жылга карата жергиликтүү бюджеттинин аткарылышынан үнөмдөлүп калган 5 737 700 (беш миллион жети жүз отуз жети миң жети жүз) сомдун ичинен киреше салыгы катары райондук өнүктүрүү фондуна жиберилүүчү 3 737 700 миллион жети жүз отуз жети миң жети жүз) сом акча каражаты Мырза-Арык айылынын А.Раимкулов көчөсүн асфальтоого сарптоого макулдук берилсин.
2. Өздүк салым катары 2221-бересинен 500 000 сом которууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Алайчиевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кароол айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Э.М.Эралиевге жүктөлсүн.
Төрага |
| А.М.Камбардинов |