Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 3/5
Кароол айылдык кеңешинин түзүлгөндүгүнүн жүз жылдык юбилей мааракесин уюштуруу жөнүндө
Кароол айылдык кенешинин (1925-2025) түзүлгөндүгүнүн жүз жылдык маарекесин уюштуруу боюнча кароол аксакалдар кеңешинин 2025-жылдын 13-январындагы тарыхый маалымат китепчесин чыгаруу максатында жазган арызын карап талкуулап,“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын талабына ылайык, Кароол айылдык кеңешинин кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айылдык кеңешинин түзүлгөндүгүнүн жүз жылдыгына байланыштуу төмөнкү курамда жумушчу тобу, айылдык кеңештин тарыхый -маалымат китепчесин иштеп чыгуу үчүн бекитилсин.
Т.Арзибеков
Т.Сополов
К.Акматова
2. Тарыхый -маалымат китепчесин иштеп чыгуу үчүн 2025-жылга Кароол айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100(жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Токтомду аткарууга алуу жагы Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Алайчиевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кароол айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Э.М.Эралиевге тапшырылсын.
Төрага |
| А.М.Камбардинов |