Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги 3-сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 3/6
Кароол айыл аймагынын Кароол айылынын аты жок көчөгө Гайыпов Айтибайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кароол айыл аймагынын Кароол айылындагы аты жок көчөлөргө аттарды ыйгаруу менен ысымдарды түбөлүкө калтыруу жөнүндөгү маселе Кароол айылдык кенешинин “Регламент,мыйзамдуулук,укук тартиби,депутаттык этика”боюнча туруктуу комиссиясында каралып,алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгун эске алып, ”Жергиликтүү мамлекеттик адиминистрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34,39-беренелеринин 1-пунктунун негизинде Кароол айылдык кенешинин кезектеги 3-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кароол айылынын тургуну Б.Гайыповдун арызында белгиленген, Кароол айылынын аты жок көчөгө Гайыпов Айтибайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Ыйгарылуучу атоолорду мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүгүндө каттоодон жана учеттон өткөрүү боюнча иш алып баруу, Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Алайчиевге жүктөлсүн.
3. Арыз берүүчү Б.Гайыповго көчөнүн инфраструктурасына, тазалыгына жана жашылдандыруу көрктөндүрүү жагына салым кошуп туруу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык этика” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.М.Камбардинов |