Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз 4-сессиясы
2025-жылдын 7-марты № 4/1
Турак имараттар жана жайлары үчүн ставканын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кароол айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 379-беренесине ылайык турак имараттар жана жайлары үчүн ставканын өлчөмүн бекитүү боюнча Кароол айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Исараилов Мирлан Камытжановичтин берген маалыматын угуп, талкуулап, Кароол айылдык кеңешиниин VIII- чакырылыштагы кезексиз 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 379-беренесине ылайык турак имараттар жана жайлар үчүн салыктын өлчөмү Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгын сунушу боюнча 1м2 үчүн 10-сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кароол айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иштер, жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.М.Камбардинов |