Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз 4-сессиясы
2025-жылдын 7-марты № 4/3
Кароол муниципалдык ишканасынын 2025-жылдын 27-февралындагы №113 жана №115-сандуу сунуш каттары жөнүндө
Кароол айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Тайчабаровдун 2025-жылдын 27-февралындагы №113-сандуу сунуш катында белгиленген Кара-Дарыя суусунун сол жээгинде жайгашкан “Уял-Терек” участкасындагы шалы эгилүүчү жерлердин ижара акысын бекитүү жана №115-сандуу сунуш катында белгиленген ЖПБга берилген 2019-жылы чыгарылган WHEELTD TRAGTOR DO 904 заводдук номери 19043041 кызыл түстөгү тракторун сатуу жана XYHDAY үлгүсүндөгү эксковаторун Ош облустук өнүктүрүү фондунан алынуучу 11700000 мин сомдун 14% акча каражатынын оордун толтурууга чечим чыгарып берүү жөнүндө маселе Кароол айылдык кеңешинин “Архитектура, курулуш, транспорт, жер, айыл чарбасы жана экология” боюнча жана “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иштер, жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссияларынын отурумунда каралып, талкууланып, Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 27-февралындагы №113-сандуу сунуш катында белгиленген Кара Дарыя суусунун сол жээгинде жайгашкан “Уял-Терек” участкасындагы шалы эгилүүчү жерлердин ижара акысын бекитүү боюнча жаңыдан жасалган 1га шалы эгилүүчү жердин ижара акысы 20 000 миң сомго ал эми мурда эгип иштететип пайдаланып келген 1га шалы эгиле турган жерге 36000 миң сомго бекитүүгө макулдук берилсин.
2. №115-сандуу сунуш катында белгиленген ЖПБга берилген 2019-жылы чыгарылган WHEELTD TRAGTOR DO 904 заводдук номери 19043041 кызыл түстөгү тракторуна бүгүнкү күндө иштетүүгө муктаждык жоктугуна байланыштуу сатып, анын оордуна XYHDAY үлгүсүндөгү эксковаторун Ош облустук өнүктүрүү фондунан алынуучу 11700000 мин сомдун 14% акча каражатынын оордун толуктоого чечим чыгарып берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы “бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иштер, жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.М.Камбардинов |