Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз 4-сессиясы
2025-жылдын 7-марты № 4/4
Кароол айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга карата бюджетин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кароол муниципалдык ишканасы жайыттар боюнча 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселе “финансы экономика, бюджет жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу камиссиясында каралып, алардын талкуусун эске алып, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө Мыйзамынын негизинде Кароол айылдык кеңешинин кезексиз 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кароол муниципалдык ишкнасынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жыл ичиндеги бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени угуп, талкуулап, айылдык кенештин депутаттатарынын сын-пикирлерин эске алуу менен бир добуштан канаатандырарлык деп табылсын.
2.Кароол айыл өкмөтүнүн малчы,койчу, чабандарынын 2025-жылдын 18-мартындагы жалпы чагулушунун протоколунун негизинде 2025-жылга карата мал жандыктарды багуу баасы бекитилсин.
-Кара мал бир айга 800сом
-Жылкы бир айга 800сом
-Кой-эчкиге бир айга 200сом
-Малды карабай арам өлтүрсө (башын көөдөнү менен көрсөтпөсө), жоготсо, жедирсе, алмаштырса башка баш төлөнсүн эгинди , чөп ормону жедирсе зыянын төлөйт.
3.2025-жылга карата жайыт пайдалануу үчүн акы төлөө өлчөмдөрү:
-ири мүйүздүү мал,бир башка 200сом
-кой бир баш үчүн 70сом
-эчки бир баш үчүн 70сом
-жылкы бир баш үчүн 200сом
-Жайыт жерлерин айдап алган жана кашаалаган жер аянты 1сотых үчүн 100сом
-Ички жайыттарды пайдаланып башка жайыттарга чыгып кеткендер үчүн:
-Кара мал бир баш үчүн 100сом
-жылкы бир баш үчүн 100сом
-кой бир баш үчүн 35сом
-эчки бир баш үчүн 35 сом
Ал эми сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн:
-Ийри мүуздүу бир баш мал үчүн 350сом
-жылкы бир баш үчүн 350сом
-кой бир баш үчүн 90сом
-эчки бир баш үчүн 90сом
4.Картошка жана башка өсүмдүктөрдү тоскон кашаалар алынып,картошка ж.б. өсүмдүктөрдү эгүүгө тыюу салынып, жайыт жерлери жайыт катары пайдаланууга берилсин.
5.2025-жылы жайыттарды пайдаланып,акысын төлөбөгөндөргө жайыт жерлери берилбесин.
6.2025-жайыт пайдалануучулар жайыт акысын 50% төлөө менен жайыт билетин алышсын.
7.Жайыт билетин албагандарга жайыт бөлүнүп берилбесин.
8.2025-жылга кабыл алынган бюджети төмөнкүдөй көрсөткүчтөр менен бекитилсин.
Жалпы киреше: 300.000сом
Анын ичинен сарпталат:
1.Эмгек акысы 60 000сом
2.Транспорттук чыгым 15000сом
3.Жайыт инфраструктурасы 165000сом
9.Токтом кабыл алынган күндон тартып күчүнө кирет
10.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин “Финансы экономика, бюджет жана инвестиция маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
| А.М.Камбардинов |