Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз 4-сессиясы
2025-жылдын 7-марты № 4/6
Кароол айыл аймагынын Мырза-Арык айылынын аты жок көчөгө Наркулов Рахманбердинин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кароол айыл аймагынын Мырза-Арык айылындагы аты жок көчөлөргө аттарды ыйгаруу менен ысымдарды түбөлүкө калтыруу жөнүндөгү маселе, Кароол айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат” боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, ”Жергиликтүү мамлекеттик адиминистрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34, 39-беренелеринин 1-пунктуна ылайык Кароол айылдык кенешинин кезексиз 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Арык айылынын тургуну К.Наркуловдун арызында белгиленген, Мырза-Арык айылынын тургуну Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Наркулов Рахманбердинин ысымы ыйгарылсын.
2.Ыйгарылуучу атоолорду мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүгүндө каттоодон жана учеттон өткөрүү боюнча иш алып баруу, Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Алайчиевге жүктөлсүн.
3.Арыз берүүчү К. Наркуловго көчөнүн инфраструктурасына, тазалыгына жана жашылдандыруу, көрктөндүрүү жагына салым кошуп туруу жагы милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.М.Камбардинов |