Загрузка документа…
КАРООЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кароол айылдык кеңешинин VIII чакырылыштагы депутаттарынын кезексиз 4-сессиясы
2025-жылдын 7-марты № 4/7
Кароол айыл аймагынын Шералы айылынын аты жок көчөгө Садыков Токтогулдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кароол айыл аймагынын Шералы айылындагы аты жок көчөлөргө аттарды ыйгаруу менен ысымдарды түбөлүкө калтыруу жөнүндөгү маселе, Кароол айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат” боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, ”Жергиликтүү мамлекеттик адиминистрация жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34, 39-беренелеринин 1-пунктуна ылайык Кароол айылдык кенешинин кезексиз 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шералы айылынын тургуну К.Садыковдун арызында белгиленген, Шералы айылынын тургуну эмгектин ардагери Садыков Токтогулдун ысымы “Ийри-Талаа” участкасындагы аты жок көчөгө түбөлүкө ыйгарылсын.
2. Ыйгарылуучу атоолорду мамлекеттик органдын тийиштүү аймактык бөлүгүндө каттоодон жана учеттон өткөрүү боюнча иш алып баруу, Кароол айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Алайчиевге жүктөлсүн.
3. Арыз берүүчү К.Садыковго көчөнүн инфраструктурасына, тазалыгына жана жашылдандыруу, көрктөндүрүүгө салым кошуп туруу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, регламент, депутаттык этика жана мандат” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.М.Камбардинов |