КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-апрели № 2990-VII
"Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 22-июнундагы № 351-VII токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6 жана 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Арстанбаева Дилара Эркиновна Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына бекитилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 22-июнундагы № 351-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттагы "Сейдакматова Аида Асанбековна" деген сөздөр "Арстанбаева Дилара Эркиновна" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |