Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-апрели № 3021-VII
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59 жана 60-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2025-жылдын 6-февралында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарып берилген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
1) М.К.Алиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү, макулдашуу тобунун тең төрагасы;
2) М.Самыйкожо - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси;
3) А.А.Абытов - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү;
4) С.Ж.Мусаев - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б. Юнусалиев атындагы Тил илими институтунун директору, макулдашуу тобунун тең төрагасы;
5) Т.К.Чороев - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Тарых илимин өнүктүрүү боюнча комиссиянын мүчөсү;
6) А.А.Асанканов - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору;
7) К.С.Молдокасымов - Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" фондунун төрагасы.
2. Макулдашуу тобу жогоруда аталган мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 жумуш күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Дж.К. Исаева |