Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-апрели № 3022-VII
Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарып берилген Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 59 жана 60-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2025-жылдын 13-февралында кабыл алынган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирлери менен кайтарып берилген Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобу төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
1) Б.З.Түлөбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
2) Ж.С.Кыдыкбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
3) А.Т.Эрбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары;
4) А.А.Абытов - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү;
5) Б.Т.Маатов - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары;
6) А.К.Бакетаев - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
7) Ж.К.Керималиев - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин биринчи орун басары;
8) А.А.Тургунбаев - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары;
9) Ж.Т.Токтосунов - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары;
10) А.Дж.Джунушалиев - Бишкек шаарынын мэри.
2. Макулдашуу тобу жогоруда аталган мыйзамдын макулдашылган вариантын жана түзөтүүлөрдүн таблицасын 30 жумуш күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Дж.К. Исаева |