Редакцияот 20.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Салам-Алик айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 1-сессиясы

 

2024-жылдын 20-декабры № 1

 

Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө

 

 

Эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3-протоколун жана эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Эсептөө комиссиясынын Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 20-декабрындагы №3-протоколу бекитилсин.

2. Чолпонбай уулу Сагындык Салам-Алик айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

 

Чолпонбай уулу Сагындык