Редакцияот 25.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 7-сессиясынын 5-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 25-апрели №5/1 

     

   Ак-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Сай өрөнүнүн Арашан аймагындагы Арашан минералдык суусун кайра иштетүү үчүн лицензия ишкерлер  жөнүндө.

 

      X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 7-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.              Ак-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Сай өрөнүнүн Арашан аймагындагы Арашан минералдык суусун кайра  иштетүү  үчүн Ак-Тилек жана Калаш ишканаларынын буга чейинки алган лизенциясы жокко чыгарууга макулдук берилсин.

 

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3. Бул токтомдун  аткарылышын камсыз кылуу  жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине  милдеттендирилсин .

 

4. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алакуновго жана өзүмө   калтырам.

 

 

 

 

   

     Төрага:

Б. Султангазы уулу