Редакцияот 25.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 7-сессиясынын 5-кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 25-апрели №7 

     

 Ак-Моюн айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Муз айылын тургуну Б.Чочоевдин арызын кароо   жөнүндө.

 

      X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 7-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.

 

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.              Ак-Моюн айыл аймагынын  Ак-Муз айылындыгы Чоң ача  өрөнүнүн башындагы Тепши өрөнүнө жайкысын кочкор теке  бакканга макулдук берилсин .

 

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп ak-moyun.gov.kg веб-сайтка

жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3. Бул токтомдун  аткарылышын камсыз кылуу  жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине  милдеттендирилсин .

 

4. Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Алакуновго жана өзүмө   калтырам.

 

 

 

 

   

     Төрага:

Б. Султангазы уулу