Редакцияот 28.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 28-майы № 107

"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 17-августу, № 72-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

67-берененин 3-бөлүгүнүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

 

"5) кардардын мураскерлерине (укук улантуучуларына) же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мураскерлик укугун (укук улантууну) ырастоочу документтерди көрсөткөндө, ошондой эле нотариустарга алардын өндүрүшүндө турган каза болгон аманатчылардын аманаттары жөнүндө мураскерлик иштер боюнча - нотариустун маалымат берүү жөнүндө расмий суроо-талабынын негизинде.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 30-майындагы № 39 (3695) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 24-апрелинде

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган