Редакцияот 22.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 2025-жылдын 22-майы № 276

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 381 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Бириккен Улуттар Уюмунун расмий статистика жаатындагы негизги, ошондой эле "Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде белгиленген принциптерге ылайык сапаттуу расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу, коомдун, мамлекеттин жана эл аралык коомчулуктун расмий статистикалык маалыматка болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 381 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан эмгек келишими боюнча жалданган кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пункт "каражаттарынын чегинде" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле республикалык бюджеттен" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев