Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-апрели № 3033-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залынын техникалык абалын жакшыртуу жана капиталдык оңдоо боюнча иштердин жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 14-майынан 30-июнга чейинки жыйналыштары Абдумомунов көчөсү, 207 дарегинде жайгашкан административдик имараттын жыйналыштар залында өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын лидерлери жана депутаттык топторунун жетекчилери өздөрүнүн курамындагы депутаттардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарына катышуусун камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын добуш берүүсү үчүн убактылуу кол коюу барагынын формасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |