Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз II -сессиясы
2024-жылдын 30-ноябры № 2/1
Ынтымак айыл аймагына 2024- жылга кошумча бөлүнгөн акча каражатына долбоорлорду сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-ноябрындагы №720-т тескемесине ылайык Кара-Суу районунун чек арага жакын айыл аймактарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын ишке ашыруу максатында республикалык бюджеттен кошумча бөлүнгөн акча каражатына Кара-Суу районунун өнүктүрүү фондуна долбоорлоду сунуштоону карап талкуулап Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.№127 негизги мектептин жылытуу системасын ондоого 6 015 481 сомдук долбоору сунушталсын.
2.Тазалык ишканасына таштанды чыгаруучу техника алууга 6 700 000сомдук долбоор сунушталсын.
3. Токтомду мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы Ынтымак айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы Б.Асановго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Дунаев |