Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз II -сессиясы
2024-жылдын 30-ноябры № 2/3
Муниципалдык менчиктеги имараттарды ижарага берүү жөнүндө
Муниципалдык менчикти сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу максатында “Муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 189 буйругуна менен бекитилген “Муниципалдык менчик имараттарды пайдалануу жана ижарага берүү тартиби жөнүндө”жобого ылайык Ынтымак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.”CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун милдеттерин аткаруунун алкагында, Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Карыбеков Кутманали Кудайбердиевич ушул токтомдун тиркемесине ылайык, муниципалдык мүлктү Бизнес-өнөктөш Бостонбаева Телегей Кошунбаевна “Сары Ой сүттү кайра иштетүүчү” ишканасына экономикалык долбоорун ишке ашыруу үчүн ижарага берсин.
2.Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысы Карыбеков Кутманали Кудайбердиевич бекитилген тартипте муниципалдык менчикти ижарага берүү жөнүндө келишим түзсүн жана мүлктү кабыл алуу актынын негизинде өткөрүп берсин.
3. Бизнес-өнөктөш Бостонбаева Телегей Кошунбаевна
-өткөрүп берүү-кабыл алуу актында көрсөтүлгөндөрдү белгиленген тартипте ижарага кабыл алсын.
-ижарага алынган мүлктү максаттуу пайдаланышын камсыз кылсын.
-Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинде жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Унаа”мамлекеттик мекемесинде кабыл алуу-өткөрүп берүү актында көрсөтүлгөн имаратты,курулманы жана кыймылдуу мүлктү ижарага алуу келишимин белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ынтымак айылдык кеңешинин Регламент, мыйзамдуулук, этика жана мамлекеттик кызмат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| А.Дунаев |