Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I кезектеги сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры № 1/1
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин (VIII чакырылышындагы) кезектеги I-сессиясы эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы №1 протоколунун негизинде “Кыргыз Республикасынын мыйзамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 29-беренесине ылайык Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча маселени угуп, Баш-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Баш-Дөбө айылдык кеңешин (VIII чакырылыштагы) депутаттарынын жашыруун Добуштарынын негизинде 21(жыйырма бир) добуш алган Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы болуп 1961-жылы туулган, улуту кыргыз, билими орто Тагайкулов Мамасабир шайлансын.
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
| М.Тагайкулов |