Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-майы № 270
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жолу менен азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен жактырылган Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жободо:
- 1-пунктта:
экинчи абзацта "айылдын, поселкалык кеңештердин аткаруу органы" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы - айыл өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй редакциядагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:
"- бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүсү - мүчөлөргө менчик укугунда таандык болгон же пайдаланууга (ижарага) алынган жер участогунда айыл чарба өндүрүшүн жүзөгө ашырган юридикалык жак статусуна ээ бириккен айыл чарба кооперативдери;";
он үчүнчү абзацта "жергиликтүү кеңештин" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жыйырманчы абзацта "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пунктта:
биринчи абзац "чарбаларына" деген сөздөн кийин ", бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүдө оң натыйжаларга ээ экономикалык артыкчылыктуу айыл чарба субъекттерине" деген сөздөр менен толукталсын;
алтынчы абзац "кооперативдеринин" деген сөздөн кийин ", бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
сегизинчи абзацта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 11-пункттун сегизинчи абзацы "кооперативдеринин" деген сөздөн кийин ", бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 22-пункттун биринчи абзацы "чарбаларына" деген сөздөн кийин ", бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 69-пункттун төртүнчү абзацы "кооперативдери" деген сөздөн кийин ", бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 85-пункттун экинчи абзацы "кооперативдери" деген сөздөн кийин ", бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 88-пункттун биринчи абзацы "чарбаларына" деген сөздөн кийин ", бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 89-пунктта:
биринчи абзац "жергиликтүү кеңештердин аткаруу органдарынан" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы - айыл өкмөтүнөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төртүнчү абзац "чарбаларына" деген сөздөн кийин ", бириккен айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө" деген сөздөр менен толукталсын;
- 90-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара мөөнөтү аяктаганга чейин бир ай мурда тиешелүү эскертүү менен ижарачыга кабарлоо жөнөтүүгө";
- 101-пункттун 2-пунктчасынын жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 102-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ошол эле учурда мамлекетке укукту күбөлөндүрүүчү документти баштапкы тариздөө талап кылынбайт.";
- жогоруда аталган Типтүү жобонун 6-тиркемесинде төртүнчү абзацта "айылдык, поселоктук кеңештин" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын (айыл өкмөтүнүн)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |