Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 28-майы ПЖ № 166
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 "Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу процессинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 "Өлкө үчүн ишке ашырылуусу стратегиялык мааниге ээ болгон улуттук долбоорлор жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн артыкчылыктуу багыттарга ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу үчүн берилүүчү мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуунун тартибин иштеп чыксын жана кабыл алсын;
2) жер участогун тоорукка коюуда анын баштапкы (резервдик) баасын эл аралык стандарттарга, ошондой эле мыкты жана кыйла натыйжалуу пайдаланууну милдеттүү талдоо жана долбоордун болжолдонгон акча агымдарын, инфраструктуралык камсыздалышын жана улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун статусу менен берилүүчү жеңилдиктерди эске алган кирешелүү мамиле менен Кыргыз Республикасынын мүлкүн баалоо стандарттарына ылайык көз карандысыз баалоочу тарабынан аныкталган рыноктук нарктын өлчөмүндө белгилесин.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |