Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын I кезектеги сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры № 1/7
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кеңеш жана Кашка-Терек айылдарына жарык орнотуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кеңеш жана Кашка-Терек айылдарын инфраструктурасын көтөрүү багытында аталган айылдарга түнкү жарык орнотуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айылдык кеңештин бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат
1.Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кеңеш жана Кашка-Терек айылдарын инфраструктурасын көтөрүү багытында аталган айылдарга 2025-жылга түнкү жарык орнотуу үчүн 1133716 (бир миллион, бир отуз үч миң, жети жүз он алты) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бөлүнүп берилген акча каражатын мыйзам чегинде пайдалануу Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
| М.Тагайкулов |