Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
кезектеги III- сессиясы
2025-жылдын 31-январы № 30
Каракол айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, жергиликтүүѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 30-январындагы № 1 протоколдук чечимдери жөнүндө
Каракол айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 30-январындагы №1 “Эркин каражаттарды каржылоого уруксат берүү” жөнүндөгү протоколдук чечимдерин угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айылдык кеңешинин бюджет жана экономика, жергиликтүү ѳз алдынча башкарууну ѳнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономикалык байланыш боюнча тармактык туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 30-январындагы № 1 протоколдук чечимдери айрым толуктоолор менен бекитилсин.
2. 2024-жыл ичинде 37555 100 миң сом эркин каражатын төмөндөгү иштерди каржылоого уруксат берилсин жана каржылоо жөнүндө мурда чыккан токтомдор күчүндө калтврвлсын.
- Үч-Эмчек айылындагы Кара-Молдо көчөсүн жарыктандырууга 1300,0 миң сом;
- Арал айылындагы Чыныке-Бий көчөсүн баштан аяк жарыктандырууга 1300,0 миң сом;
- 2 айылга КАМАЗ автоунаасын сатып алууга 1800,0 мин сом ;
- Көпүрө-Базар айылына Спринтер автоунаасын сатып алууга 1500,0 мин сом;
- Үч-Эмчек айылына Германка сатып алууга 1800,0 миң сом;
- Көпүрө-Базар айылындагы Кум-Бел каналынын ремонт иштерине 2200,0 мин сом;
- Көпүрө-базар айылындагы Р.Айдаралиев орто мектебинин алдына брусчатка төшөө 2500,0 миң сом ;
- Көпүрө-Базар айылына парк куруу 4000,0 миң сом;
- Арал айылындагы №3 айылдык китепкананын алдына навес куруу, скамейка орнотуу 200,0 мин сом;
- Арал айылындагы М.Жусупбеков атындагы күрөш залынын алды жагына пластик комната жасоо 400 миң сом;
- Арал айылындагы М.Жусупбеков атындагы күрөш залынын тегерегин курчоо 700,0 мин сом;
- Айыл өкмөтүнүн кеңсесинин тышкы эшигин бронндолгон эшик менен алмаштыруу 56,0 мин сом;
- Мультмедия классынын ремонту 34,4 мин сом;
- Тех.надзордун кызматы 63,6 миң сом;
1. 2024-жылы жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү боюнча токтомдор чыгып, бирок бүгүнкү күнгө чейин аткарууда турган төмөндөгү иш-чаралар аткарууга алынсын жана каржылоого уруксат берилсин. Алар:
- Үч-Эмчек, Арал, Көпүрө-Базар айылдарындагы мекеме-уюмдарга акылдуу счетчик алуу 550,0 миң сом;
- Үч-Эмчек Арал айылдарына жүгөрү
чабуучу техника алуу 1000,0 миң сом;
- Көпүрө-Базар айылына ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандыруучу шаймандарды алуу 200,0 мин сом;
- М.Сейталиев орто мектебинин материалдык техникалык базасын чыңдоо (компьютер алып берүү) 500,0 миң сом;
- Арал айылыдагы Чыныке-Бий көчөсүнө жана Кара-Жылга өзөнүнүн жашоочуларына трансформатордук
подстанция алуу 700,0 мин сом;
- Үмөт -Молдо ат. Бала бакчага телевизор алуу 100,0 миң сом;
- Байгөнчөк уулу Кожомурат көчөсүнүн таза суу трубаларын алмаштыруу 300,0 мин сом;
- Көпүрө-Базар айылындагы ички көчөлөрүн жарыктандыруу жана ремонт иштерине 400,0 миң сом;
- Чоң-Боз участкасындагы карьерди тегиздөө 200,0 мин сом;
- Каракол айыл аймагындагы кичи футбол аянттарын ремонттон өткөрүү 450,0 миң сом;
- Үч - Эмчек айылына таза суунун кошумча
резервуарын куруу 600,0 миң сом;
Кайырма каналындагы суунун нугун буруу жана шлюстарды орнотуу 300,0 миң сом;
- Үч-Эмчек айылындагы мал камакты ремонттоо 100,0 миң сом;
- Арал айылындагы Кодол коктуга суу топтоочу жай куруу үчүн тиешелүү юридикалык документтерди даярдоо 500,0 мин сом;
- Үч- Эмчек, Арал, Көпүрө-Базар айылдарындагы айыл чарба техникаларына керектүү шаймандарды алуу 1500,0 миң сом;
- Айыл өкмөтүнө орг техника алуу 350,0 миң сом ;
- Көпүрө-Базар айылына эгин тазалоочу БИМ жана Дробилка алуу 1200,0 миң сом;
- Үч-Эмчек айылындагы ФАП тын ремонтуна 60,0 мин сом ;
- Үч айылдагы кеңселердин тегерегине
чөп чабуучу электр чөп чапкычын алуу 90,0 миң сом;
- Үч айылга коюлуучу 2 даана сүт танкери
үчүн 4200,0 мин сом;
- Чыныке-Бий көчөсүнүн жашоочуларына
таза суу жеткирүү 20,0 мин сом
2. Бөлүнгөн акча каражатынын максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө жагы тармактык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каракол айыл өкмөтүнөн суралсын.
Төрайым |
| Э.Р.Тилекова |