Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 28-майы № 108
"Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Көп батирлүү үйлөрдүн турак жана турак эмес жайларынын менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 908-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 14-берененин 7-бөлүгүндөгү "13-берененин 2-бөлүгүнүн 6 жана 12-пункттары боюнча чечимдер турак эмес жайлардын бардык менчик ээлеринин макулдугу менен кабыл алынат" деген сөздөр "13-берененин 2-бөлүгүнүн 6-пункту боюнча чечим жайлардын бардык менчик ээлеринин макулдугун талап кылат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 15-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Шериктиктин башкармалыгынын курамына жашы жеткен, экономикалык кылмыштар боюнча соттуулугу жок жана/же соттуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алып салынган жана/же жоюлган, аракетке жөндөмдүү адам шайланышы мүмкүн.
Эгерде башкармалыктын мүчөлөрүнүн аракеттери же аракетсиздиги турак жай ээлеринин кызыкчылыктарына зыян келтирип жатса, алар чакыртып алынышы мүмкүн.
Башкармалыктын мүчөлөрүн чакыртып алуу турак жайдын менчик ээлеринин шериктигинин уставында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.";
3) 17-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Шериктиктин башкармалыгынын төрагалыгына Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар, экономикалык кылмыштар боюнча соттуулугу жок жана/же соттуулугу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алып салынган жана/же жоюлган, аракетке жөндөмдүү адам шайланышы мүмкүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 24-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |