Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2024-жылдын 6-декабры № 1/2
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Падаван айылындагы 213 контурдагы 2,5 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясынына которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Датка айыл аймагынан өтүчүү Ош-Бишкек автоунаа жолунун 660 км. тартып Ош шаарынын Турусбекова көчөсүнө бириктирүүдөгү 650 метр автоууна жолунун жээгиндеги Шарк айылынан турак үйлөрдү бузуп көчүрүү үчүн Падаван айылындагы сугат айдоо (ФПС) жеринен 2,5 га жер аянтын траснфармациялоого боюнча Датка айыл өкмөтүнүн башчысынын (кир.№33/4 2024-жыл. 03-декабырындагы) кайрылуусун карап чыгып, Датка айыл аймагынын айылдык кенешининин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын оң корутундусун (протокол №1 04.12.2024 ж.) негизинде, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезекcиз II сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Падаван айылындагы 213 контурдагы 2,5 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин;
2. Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө С.Мамазаировко жүктөлсүн;
3. Шарк айылынын Кош-Таш-1 көчөсүнүн тургундарына (үйлөрү бузулуп жаткандарга) жер тилкесин алуунун мыйзамдуулугу боюнча маселени Датка айыл аймагынын өкмөтүнүн атайын комиссиясына жүктөлсүн;
4. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айылаймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман улуу Алмазбек |