Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2024-жылдын 6-декабры № 2/2
Датка айыл аймагынын Медресе айылынын Нурмамат ажы Айдаралиев атындагы көчөсүнүн 2024 жылдын 18 ноябрындагы элдик жыйынынын протоколун бекитүү жөнүндө
Датка айыл аймагынын Медресе айылынын Нурмамат ажы Айдаралиев атындагы көчөсүнүн 2024 жылдын 18 ноябрындагы элдик жыйынынын протоколун бекитүү жөнундө билдирүүсун угуп жана талкуулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешин VIII чакырылыш кезексиз II сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Датка айыл аймагынын Медресе айылынын Нурмамат ажы Айдаралиев атындагы көчөсүнүн 2024-жылдын 18 ноябрындагы элдик жыйынынын протоколу бекитилсин;
2. Датка айыл аймагынын Медресе айылынын Нурмамат ажы Айдаралиев атындагы көчөсүнүн асфальт төшөө долбоорун каржылоо жагы Ош облустук өнүктүрүү фондунан суралсын.
3. Датка айыл аймагынын Медресе айылынын Нурмамат ажы Айдаралиев атындагы көчөсүнүн асфальттоо иштерин долбооруна тиешелүү документтерди даярдоо Ж.Турдугуловко милдеттендирилсин;
4. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айылаймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, инвестициялар жана муниципалдык менчик” боюнча турукту комитетине тапшырылсын;
Төрага |
| Аман улуу Алмазбек |