Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2024-жылдын 6-декабры № 3/2
Датка айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Датка айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 30-ноябрына карата жергиликтүү бюджетинин отчеттун аткарылышынын жыйынтыктарын негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселесин тийиштүү адистер менен такталгандыгы, бул маселени айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын жана протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-статьясын жетекчилике алуу менен, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешин VIII чакырылыш кезексиз II сессиясы:
Токтом кылат:
1. Датка айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинде эконом болуп калган акча каражаттарын зарыл болгон жумуштарды аткаруу максатында төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-70921 «Орто билим берүү» тармагынын
2221 статьясынын эсебинен 210,5 миң сом, 2224- статьясынын эсебинен
1111,5 миң сом, жалпысынан 1322,0 мин сом.
-70911 «Мектепке чейинки билим берүү» тармагынын
2221 статьясынын эсебинен 50,0 миң сом, 2224- статьясынын эсебинен 200,0
миң болуп, жалпысынан 250,0 мин сом
болуп, баардыгы тармактар боюнча – 1572,0 миң сом кыскартылып
төмөндөгү тармактардын статьяларны отургузулсун:
-70111 «Аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу органдары боюнча каражаттары»
тармагынын 2215 статьясына – 100,0 миң сом 2221 статьясына - 198,0 миң
сом болуп жалпысынан 298,0 миң сом отургузулсун
- 71092 «Социалдык коргоо» тармагынын 2721 статьясына -600,0 миң сом
-70629 «Турак-жай, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр» тармагынын:
2215 статьясына –323,7 миң сом 3111 статьясына 60,5 миң сом, болуп жалпысынан 384,2 миң сом отургузулсун.
-70921 «Орто билим берүү» тармагынын:
3111 статьясына – 289,8 миң сом отургузулсун.
Жалпысы бардык тармактар боюнча 1572,0 миң сом.
2. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Аман улуу Алмазбек |