Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз
II сессиясы
2024-жылдын 06-декабры № 4/2
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 25.11.2023-жылдагы №01-24/65 буйругу менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө", Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылыш кезексиз II сессиясы
Токтом кылат
1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламенти бекитилсин (тиркеме 46 баракта);
2. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттык ишин аткарууда ушул Регламентти жетекчиликке алышсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Төрага |
| Аман улуу Алмазбек |
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин
2024-жылдын 6 декабырындагы кабыл алынган
№4/2 токтомуна тиркеме
ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН РЕГЛАМЕНТИ
I Бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин ишинин негиздери;
II Бөлүм. Депутаттык фракциялар;
III Бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин ишин уюштуруу;
IV Бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин ченем жаратуу иши. жергиликтүү кеңештин токтомдорун даярдоонун, киргизүүнүн, кароонун жана кабыл алуунун тартиби;
V Бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин айрым ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартиби;
VI Бөлүм. Депутаттардын шайлоочулар менен болгон байланышы. депутаттык суроо талап;
VII Бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу;
VIII Бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин кеңештин жооптуу катчысы.
Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жергиликтүү кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
I БӨЛҮМ. ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИНИН НЕГИЗДЕРИ.
1- бөлүм. Жалпы жоболор
1.1 Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши - мыйзамдарда белгиленген тартипте жана санда жергиликтүү коомдоштук тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланган депутаттардан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Сессиянын, фракциялардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар жергиликтүү кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.
1.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
1.4. Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каралган анын функцияларына жана ыйгарым укуктарына тийиштүү маселелерди өз алдынча чечет, өзү тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт жана аткарылышын камсыз кылат.
1.5 Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган ыйгарым укуктарды жергиликтүү кеңеш тарабынан жүзөгө ашыруу тартибин жана жол-жобосун, анын ишин уюштурууну аныктайт.
1.6. Датка айыл аймагынын айылдык кеңеш мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат.
2- бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелер
2.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
2.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер чечилет:
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү, муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөлдү ишке ашыруу:
а) муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин бекитүү;
б) муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын
бекитүү;
в) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга макулдук берүү;
г) муниципалдык менчик обьектилерин сатууга, объектилерди муниципалдык
менчикке сатып алууга макулдук берүү;
д) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө.
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иши жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын отчетун угуу;
7) тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
8) Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;
9) Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин регламентин кабыл алуу;
10) Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин жылдык иш планын бекитүү;
11) Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, отчетторун угуу;
12) өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;
13) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануунун, ошондой эле мыйзамдарга ылайык турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуунун, ташып чыгаруунун жана жок кылуунун тарифтерин бекитүү;
14) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуу убактысы жана жери боюнча чектөөлөрдү тыюу салууга чейин белгилөө;
15) расымдык иш-чараларды өткөрүү эрежелерин бекитүү;
16) ирригациялык тармактарды, үйдү жана үй жанындагы участкаларды күтүү тартибин белгилөө;
17) бюджетти, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын жана анын компетенциясына кирген башка маселелерди аткарбагандыгынан улам жергиликтүү өз алдыча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ээлеген кызматына шайкештиги жөнүндө маселени кароо тууралуу сунуш киргизүү;
18) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү;
19) аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
20) башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;
21) жергиликтүү коомдоштуктардын тарыхый жана маданий салттарын сактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча ишчаралардын планын бекитүү;
22) аймагында айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
23) келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкару органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда мамлекеттик органдар жана жергилктүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте келишимдин шарттарын бекитүү, ошондой эле келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди токтотуу же токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
24) Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу жана шайлоочулар менен иштөө боюнча ишчаралардын ар жылдык планын бекитүү, депутаттардын отчетун угуу;
25) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;
26) жайыт жерлерин пайдалануу боюнча жамааттардын ар жылдык планын, жайыт жерлерин пайдалануу укугу үчүн акынын өлчөмүн бекитүү, алардын аткарылышы боюнча отчетторду угуу;
27) жергиликтүү коомдоштуктун Уставын бекитүү, анын жоболорунун аткарылышын көзөмөлдөө;
28) Датка айыл аймактын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында аткаруу органдары менен бирдикте активдүү жарандарды, демилгечи топторду, жамааттарды, коомдук бирикмелерди, жаштарды, бизнес коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү;
29) кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүн усулун, жергиликтүү бюджеттин каржаттарынын, жергиликтүү коомдоштуктун, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү жана ошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;
30) өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды өткөрүү, алардын жыйынтыгы боюнча көрүлүүчү чараларды аткарууну аткаруу органынын башчысына тапшыруу;
31) Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын коомдук башталыштагы коомдук жардамчыларын тартуунун тартибин бекитүү;
32) мыйзамдарга ылайык башка маселелерди чечүү.
3- бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби.
3.1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
3.2. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талпкерди көрсөтүү укугу төмөндөгүлөргө таандык:
- депутаттык фракцияга;
- саны 5 депутаттан кем эмес депутаттык топко.
Ар бир депутаттык фракция же депутаттардын тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.
3.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштаган депутатты көрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучуга арыз берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
3.4. Өзүн өзү көрсөтүү жана талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалык кылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөт жана аларды жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизүү үчүн эсептөө комиссиясына берилет.
3.5. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөйт, алардын суроолоруна жооп берет.
Чыгып сүйлөө үчүн ага 3 мүнөткө, суроолорго жооп берүү үчүн 20 мүнөткө, корутунду сөз сүйлөө үчүн 20 мүнөткө чейин сөз берилет.
3.6. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди колдоп же ага каршы чыгып сүйлөөнү каалаган депутаттарга сөз сүйлөө үчүн 5 мүнөткө чейин убакыт берилет.
3.7. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берүү жол-жоболору башталгангана чейин өзүн өзү алып кое алат, бул тууралуу төрагалык кылуучуга добуш бергенге чейин өзүнүн тапкерлигин алып коюу жөнүндө арызын жөнөтөт. Өзүн өзү алып коюу добуш берүүсүз кабыл алынат.
3.8. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлердин фамилияларын жашыруун добуш берүү үчүн бюллетенге киргизет.
3.9. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелинет.
Эгерде:
- бир талапкер көрсөтүлүп, ал депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
- эки талапкер көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын добуштарынын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
- эки талапкерден көп көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көп санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин экөөсү добуштардын тең көп санын алышса, ал эми кийинки талапкерлер добуштардын аз санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын тең алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тең санын алышса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт.
3.10. Талапкерлерди (же жаңы талапкерлерди) көрсөтүү менен кайрадан шайлоо жергиликтүү кеңештин эрки боюнча биринчи сессиянын күнүндө же башка күнү, бирок биринчи сессиянын күнүнөн баштап 5 календардык күндөн кеч эмес өткөрүлөт.
4- бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары.
4.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы:
4.1.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;
4.1.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга чыгарат;
4.1.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдын ала кароо үчүн жана алар боюнча тийиштүү корутундуларды (чечимдерди) чыгарып жергиликтүү кеңештин сессиясына киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;
4.1.4. Датка айыл аймагынын айылдык жергиликтүү кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын контролдойт;
4.1.5. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;
4.1.6. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына контролдоону уюштурат;
4.1.7. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
4.1.8. катталган депутаттык топтордун ишине көмөктөшөт, алардын ишин координациялайт;
4.1.9. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын/орун басарларынын жана туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун контролдойт;
4.1.10. депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнө көмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
4.1.11. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишинин ачыкайкындыгын камсыз кылат;
4.1.12. мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе жергиликтүү кеңештин атынан чыгат;
4.1.13. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин жергиликтүү коомдоштуктар, аймактык коомдук өзүн өзү башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрү жана тиешелүү аймакта жайгашкан башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;
4.1.14. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин, анын органдарынын абройун, депутаттардын арнамысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнча чараларды кабыл алат;
4.1.15. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу тууралуу сунуштайт;
4.1.16. ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка маселелерди чечет.
4.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карма каршы келген учурда, ал жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.
5- бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
5.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жергиликтүү кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө төраганын альтернативалык түрдө берген сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын 2 орун басары болот.
5.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди шайлоо тартиби жана добуш берүүнүн башка жол-жоболук маселелери жергиликтүү кеңештин төрагасы үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат.
5.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта аткарат.
Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары айыл кенештин төрагасын алмаштырган учурда Мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү кеңештин төрагасына төлөнүүчү компенсациянын суммасынан 50 пайыз өлчөмүндө компенсация алат.
5.4. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
5.4.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
5.4.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн ишмилдеттерин аткарууга мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү кеңештин төрагасынын иш-милдеттерин аткарат, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшыруусу боюнча жергиликтүү кеңештин сессияларын алып барат;
5.4.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин уюштурат жана багыттайт, алардын өз ара аракеттерин координациялайт;
5.4.4. Датка айыл аймагынын айылдык кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын ишине жетекчиликти ишке ашырат же координациялайт;
5.4.5. аймакта жайгашкан жергиликтүү коомдоштуктар жана башка юридикалык жактар менен тыгыз байланышты жүргүзөт;
5.4.6. Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши, анын комиссияларынын компетенциясына кирген маселелерге арналган иш-чараларга катышат;
5.4.7. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары менен бирдикте жергиликтүү кеңеш кабыл алган чечимдердин, жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
5.4.8. ушул Регламентте жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген башка иш-милдеттерди аткарат.
6- бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу.
6.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы жана анын орун басары алардын жеке өтүнүчү боюнча, ошондой эле алар өздөрүнүн милдеттерин аткара албай калган шарттарга байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот.
6.2. Өз каалоолору боюнча Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе алардын өздөрүнөн арыздар келип түшкөндө, ошондой эле депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча каралат.
6.3. Өз каалоолору боюнча Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын же анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом ачык добуш берүү (же депутаттардын каалоосу боюнча жашыруун добуш берүү) аркылуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6.4. Өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда . Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясында жашыруун (же ачык) добуш берүү жолу менен. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы, төрагасынын орун басары ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын, төраганын орун басарынын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилиши мүмкүн.
6.5. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
6.6. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим, кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгу добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
7- бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары.
7.1 Датка айыл аймагынын айылдык Кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, аймагында жайгашкан мекемелердин жана уюмдардын ошол чечимдерди аткарышын контролдоо үчүн жергиликтүү кеңеш туруктуу комиссияларды түзөт.
7.2. Туруктуу комиссиялар, Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана жергиликтүү кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө жергиликтүү кеңештин токтому менен түзүлөт.
7.3. Туруктуу комиссиялардын тизмеси жана алардын сандык курамы жергиликтүү кеңешке шайланган депутаттардын сандык курамын эске алуу менен Шарк айыл кеңеш тарабынан белгиленет жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
7.4. Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы жергиликтүү кеңештин депутаттарынын санынан: 3 кем болбоого жана 11 көп болбоого тийиш.
7.5. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттары шайлашат.
7.6 Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаты бир гана туруктуу комиссиянын мүчөсү боло алат.
7.7. Туруктуу комисиялардын мүчөлөрү бирдей укукка ээ. Жергиликтүү кеңештин төрагасы жана анын орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кире алышпайт.
7.8. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат. Туруктуу комиссиялардын төрагалары жергиликтүү кеңештин сессияларында бекитилет.
7.9. Комиссиянын төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.
7.10. Туруктуу комиссиялар, Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө жергиликтүү кеңешке отчет беришет.
7.11. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, Датка айыл аймагынын айылдык кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.
Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарынын орто курамын эске алуу менен жергиликтүү кеңеште төмөндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн:
- регламент, депутаттык этика жана мандат, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча.
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча;
- бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча;
- мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча;
8- бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
8.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде:
8.1.1. иш планына ылайык туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизет;
8.1.2. кийинки жылга туруктуу комиссиянын иш планын иштеп чыгат;
8.1.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин кароосуна аймактын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелер боюнча сунуштарды жергиликтүү кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
8.1.4. өзүнүн аймагынын экономикалык өнүгүүсүнүн планынын жана бюджетинин долбоорлорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өзүнүн корутундусун даярдайт, керек болгондо аларды кеңешке сунуш кылат;
8.1.5. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча жергиликтүү кеңештин кароосуна келип түшкөн жарандардын арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын карайт;
8.1.6. өз ишинин уюштуруу маселелерин чечет;
8.1.7. Датка айыл аймагынын айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин, жергиликтүү коомдоштуктун Уставынын жоболорун аткаруу боюнча контролду жүзөгө ашырат;
8.1.8. каралып жаткан маселени башка комиссияга өткөрүп берүү тууралуу сунушту жергиликтүү кеңештин төрагасына киргизет;
8.1.9. башка комиссиялар карап жаткан маслелер боюнча пикирин билдирет;
8.1.10. ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
8.2. Туруктуу комиссиялар төмөндөгүлөргө укуктуу:
8.2.1. өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартууга;
8.2.2. өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин, ошондой эле аткаруу органынын башчысын жана анын аппаратынын тийиштүү адистерин угууга;
8.2.3. өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, аткаруу органынын аппаратынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана илипоздорду тартуу укугу менен жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ичинен убактылуу комиссияларды түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
8.2.4. туруктуу комиссиянын кароосуна берилген маселени иликтөө үчүн маалыматтарды, материалдарды жана документтерди кызмат адамдарынан, аткаруу органдарынан, мамлекеттик органдардан, уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден, аймагында жайгашкан башка уюмдардан суратып алууга, алар суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттө же суроо-талап берилген күндөн бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен аларды туруктуу комиссияларга берүүгө милдеттүү;
8.2.5. өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча, Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасына жана аткаруу органынын башчысына каралып жаткан маселени кеңири талкуулоо жана коомдук пикирлерди эске алуу максатында коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
8.2.6. Башка туруктуу комиссиялар менен кошмо жыйын өткөрүүгө.
8.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары аймагында жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин оперативдик-чарбалык жана финансылык-чарбалык иштерине кийлигишүүгө укугу жок.
9- бөлүм. Туруктуу комиссиялардын жыйындары
9.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш-планына ылайык чакырылат.
9.2. Туруктуу комиссиялар алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.
9.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук үчүн ачык болуп саналат, кызыкдар болгон бардык тараптар туруктуу комиссияларлардын жыйындарына ушул Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
9.4. Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруун жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.
9.5. Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасы жана анда каралуучу маселер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмес комиссиянын мүчөлөрүнө, Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасына жана анын орун басарына кабарлайт, ошондой эле жарандарга, чакырылган адамадарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.
9.6. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укукченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын добушу менен кабыл алынат.
9.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгеси менен, ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин, жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын талабы боюнча да комиссиянын жыйынын чакыра алат.
9.8. Туруктуу комиссиянын жыйынына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмес депутаттардын, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын, аткаруу органынын башчысынын катышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.
9.9. Комиссиянын чечимине, корутундусуна туруктуу комиссиянын төрагасы кол коет, ал жокто анын орун басары кол коет. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.
9.10. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) аткаруу органдарына жүктөлөт.
10- бөлүм. Туруктуу комиссиялардын кошмо жыйындары
10.1. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялар тарабынан биргеликте даярдалат жана каралат.
10.2. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди иликтөө жана кароо кошмо жыйындарда жүргүзүлөт.
10.3. Эгерде кошмо жыйынга ар бир комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет. Кошмо жыйынды өз ара макулдашуу боюнча ошол комиссиялардын төрагалары алып барышат.
10.4. Кошмо жыйында каралган маселелер боюнча чечим туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана ошол комиссиялардын төөрагалары тарабынан кол коюлат. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.
11- бөлүм. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары
Туруктуу комиссиянын төрагасы:
11.1. комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө түздөн-түз же жооптуу катчы (же айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкери) аркылуу маалымдайт;
11.2. комиссиянын мүчөлөрү, жооптуу катчы, жергиликтүү кеңештин төрагасы, аткаруу органынын башчысы же анын орун басары менен бирдикте бир жылга туруктуу комиссиянын иш планын түзөт;
11.3. туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү менен бирдикте комиссиянын жыйынынын күн тартибинин долбоорун түзөт;
11.4. комиссиянын жыйынын чакырат жана зарыл документтерди жана башка материлдарды даярдоону уюштурат;
11.5. комиссиянын ишине байланыштуу материалдар жана документтер менен комиссия мүчөлөрүн тааныштырат;
11.6. убактылуу комиссиялардын ишине комиссия мүчөлөрүнүн катышуусун сунуш кылат;
11.7. Датка айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысынын жардамы менен жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди, эксперттерди жана илимпоздорду туруктуу комиссиянын жыйындарына катышуу үчүн чакырат;
11.8. комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат:
11.9. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары менен туруктуу байланышта болот, комиссиянын жыйындарында каралган маселелер, ошондой эле чечимдерди жана комиссиянын сунуштарын жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алынган чаралар тууралуу маалымдайт;
11.10. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин, туруктуу комиссиялардын чечимдерин аткаруу боюнча ишти уюштурат, тапшырылган милдеттердин аткарылышы тууралуу жергиликтүү кеңештин төрагасына, комиссиянын мүчөлөрүнө маалымдайт;
11.11. жыл сайын Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессияларында туруктуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет, отчетто камтылган малыматтарды кеңири жайылтуу үчүн чараларды көрөт
12- бөлүм. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү.
12.1. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:
12.1.1. туруктуу комиссиялардын жыйынында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;
12.1.2. комиссиянын иш планы, комиссиянын жыйындарынын күн тартиби боюнча, талкуулануучу маселелерди кароонун тартиби жана анын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
12.1.3. комиссияда каралып жаткан маселелер боюнча кызмат адамдарынын жана башка адамдардын маалыматтарын угуунун зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө;
12.1.4. комиссиянын чечимдеринин, корутундуларынын долбооруна сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
12.1.5. өзүнүн сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
12.1.6. комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.
12.2. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
12.2.1. ушул Регламенттин жоболорун сактоого;
12.2.2. өзү мүчөсү болуп саналган туруктуу комиссиялардын бардык жыйындарына катышууга. Комиссиянын жыйынына жүйөлүү себептерден улам катышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда комиссиянын төрагасына билдирүүгө;
12.2.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин жана анын комиссияларынын компетенцияларына кирген маселелерлерге арналган иш-чараларга катышууга;
12.2.4. ал кабыл алган чечимдерди жүзөгө ашырууга активдүү катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга.
12.3. Комиссия тарабынан каралаган бардык маслелерди чечүүгө активдүү катышуу үчүн комиссиянын мүчөсүнө шарт түзүлөт жана керектүү материалдар берилет.
12.4. Комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшырмасы боюнча комиссиянын карамагына кирген маслелерди жеринен иликтейт, өзүнүн тыянактары жана сунуштары тууралуу комиссияга билдирет.
12.5. Сунушу комиссияда колдоого ээ болбогон комиссиянын мүчөсү ошол маселе жергиликтүү кеңештин сессиясында талкууланган учурда, аларды жазуу же оозеки түрүндө киргизүүгө укуктуу.
13- бөлүм. Убактылуу комиссия:
13.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши зарылчылыкка жараша убактылуу комиссияларды түзүүгө укутуу.
13.2. Убактылуу комиссиялар жергиликтүү кещешинин төрагасынын, анын орун басарынын, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын сунушу, ошондой эле жергиликтүү кеӊештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча түзүлөт.
13.3. Убактылуу комиссиялардын иши төмөндөгү учурлар менен чектелет:
13.3.1. убактылуу комиссия түзүлгөн тийиштүү мезгил менен;
13.3.2. убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тийиштүү тапшырма менен.
13.4. Убактылуу комиссияны түзүү жергиликтүү кещештин токтому менен жолжо болоштурат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
13.4.1. убактылуу комиссиянын аталышы;
13.4.2. убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн сандык жана жеке курамы;
13.4.3. убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тапшырма; 13.4.4. убактылуу комиссиянын ыйгарым укугунун мөөнөтү.
13.5. Убактылуу комиссиянын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат. Добуш берүү ошондой эле убактылуу комиссиянын курамы боюнча да жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы алардын курамын шайлоо тууралуу жергиликтүү кеңештин токтому менен бекилет.
13.6. Өзүнүн курамынан убактылуу комиссиянын мүчөлөрү өздөрүнүн жалпы санын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат.
13.7. Өзүнүн ишинин жыйынтыктары боюнча убактылуу комиссия жергиликтүү кеңешке отчет берет. Өзгөчө пикири бар комиссиянын мүчөсү аны жергиликтүү кеңештин сессиясында жарыялоого укуктуу.
13.8. Убактылуу комиссия төмөндөгү учурларда өзүнүн ишин токтотот:
13.8.1. өзү түзүлгөн мезгил аяктаганда;
13.8.2. убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлүп, чечүүгө тийиш болгон тапшырмалар аткарылган учурда;
13.8.3. жергиликтүү кеңештин чечими боюнча башка учурларда.
13.9. зарылчылыкка жараша адистер, эксперттер, демилгечи топтор жана башка кызыкдар адамдар убактылуу комиссиянын ишине тартылышы мүмкүн.
13.10. Каралып жаткан маселеле боюнча убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен убактылуу комиссия чечим же корутунду кабыл алат.
13.11. Убактылуу комиссиянын жыйынын өткөрүүнүн тартиби туруктуу комиссиялар үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
13.12. Жергиликтүү кеңештин убактылуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кенсе товарлары ж.б. менен камсыз кылуу) аткаруу органына жүктөлөт.
II БӨЛҮМ. ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
14- бөлүм. Жергиликтүү кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы
14.1. Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат.
14.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин аппараты (мындан ары - Аппарат), жооптуу катчысы (мындан ары - катчы) биринчи сессияга 3 күн калганга чейин депутатка төмөнкүлөрдү жиберет:
14.2.1. жаңы шайланган депутаттар жөнүндө маалыматты;
14.2.2. аппаратын кызматкерлеринин, катчынын байланыш телефондорун;
14.3. жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин жаш курагы боюнча улуу депутаты ачат, кеңештин төрагасы шайланганча сессияны алып барат.
14.4. Жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот.
14.5. Төрагалык кылуучу жергиликтүү кеңешке шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматты жарыялоо үчүн аймактык шайлоо комиссиянын төрагасына сөз берет.
14.6. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жергиликтүү кеңештин депутаттарына белгиленген үлгүдөгү мандатын ырастоочу күбөлүк жана төш белгини тапшырат.
14.7. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мандат тапшырылган күндөн тартып башталат.
14.8. Жаңы чакырылыштагы Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттары ыйгарым укуктарына киришкенден кийин төмөнкү маселелер биринчи кезекте каралуусу тийиш:
14.8.1. Төраганы жана анын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын
түзүү;
14.8.2. Төраганы жана анын орун басарларын шайлоо;
14.8.3. Жергиликтүү кеңештин чечими боюнча биринчи кезекте каралуучу маселелердин катарына жана башка маселелер киргизилиши мүмкүн.
14.9. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелерди кароонун ирети сессиянын күн тартибинде аныкталат.
15-бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу
15.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши, анын туруктуу комиссиялары планын бир жылга түзөт. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин планы тууралуу маселе биринчи сессия өткөрүлгөн соң кийинки сессиянын күн тартибине киргизилет.
15.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин иш планы жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары/орун басарлары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, жооптуу катчысы жана аткаруу органынын башчысы менен бирдикте айыл кеңештин төрагасы тарабынан түзүлөт, зарылчылыкка жараша аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери чакырылат.
15.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин туруктуу комиссиясынын иш планы жергиликтүү кеңештин иш планынын негизинде туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү, жооптуу катчысы, жергиликтүү кеңештин төрагасы жана аткаруу органынын башчысы менен бирдикте түзүлөт.
15.4. Иш планына бир жылдын аралыгында Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиянын жыйындарында кароого чыгарылган маселелер киргизилет.
15.5. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын ишин пландаштыруу жергиликтүү кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын кароосуна иш планына киргизилбеген башка маанилүү маселелерди киргизүүго чектөө койбойт.
15.6. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин курамы, туруктуу комиссиялардын курамы, ошондой эле иш пландары аймактагы маалымат тактайларында документтердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу аркылуу маалымдалат.
16-бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби.
16.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясы жергиликтүү кеңештин карамагына кирген маселелерди коллективдүү талкуулоону жана ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алууну камсыз кылган жергиликтүү кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.
16.2 Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясы жергиликтүү кеңештин дептуттарынын жалпы санынын жарымынан аз эмеси катышканда укук ченемдүү болот.
16.3. Депутаттарды каттоо башталгандан кийин 15 мүнөттүн аралыгында кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу 15 мүнөткө тыныгуу жарыялайт. Эгерде 15 үнөттүн ичинде кворум камсыз кылынбаса, анда сессия болбой калды деп эсептелинет.
16.4. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясын жергиликтүү кеңештин төрагасы чакырат:
16.4.1. өзүнүн демилгеси боюнча;
16.4.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин дептуттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча;
16.4.3. аткаруу органынын башчысынын – айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча;
16.4.4. жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин сунушу боюнча.
16.5. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясынан тышкары, кезексиз сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
16.6. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болуп саналат. Сессияга аткаруу органынын башчысы, анын орун басары, жергилктүү коомдоштук мүчөлөрү, каралуучу маселе боюнча чакырылган адамдар, ошондой эле ушул Регламенте каралган тартипте бардык кызыкдар адамдар катышууга укуктуу.
16.7. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга тийиштүү болсо, жергиликтүү кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн.
16.8. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу жарыя сессия башталганга чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен, аймактарда жалпы жашоочуларга жеткиликтүү жерлерде көрүнүктүү болуп илинет.
16.8 а. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин кезектеги жана кезексиз сессиясын өткөрүү датасы, орду жана убактысы жөнүндө маалыматты айылдык кеңештин жооптуу катчысы тарабынан депутаттарынын тобуна ватсап аркылуу кабарлайт;
16.9. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясына катышуучулардын саны каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат. Дептуттарды каттоону жооптуу катчы жүргүзөт, каттоо ар бир сессиянын алдында жана каттоонун убактысы көрсөтүлүү менен сессия аяктаганга чейин жүргүзүлөт. Депуттарды каттоо журналы жооптуу катчыда (же жергиликтүү кеңештин төрагасында) сакталат. Сессияга катышкан депутат өзүнүн катталуусун жокко чыгарууну талап кылууга укуксуз.
16.10. Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык документ түрүндө тастыкталган ооруу, иш сапары жана башка себептер Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептери болуп саналат. Мындай учурда депутат Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасына жергиликтүү кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документти тапшырат.
16.11. Сессияларга катары менен төрт жолудан ашык жүйөлүү себептерсиз катышпай калган депутаттарга карата Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин чечими кабыл алынат. Мындай чечим күчүнө киргенден кийин (жарыяланган күндөн баштап) ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
17- бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
17.1. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси же аткаруу органынын башчысынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.
17.2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин, аткаруу органынын башчысынын, Шарк айыл кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин, кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча сунушу кезексиз сессияда каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын кыскача негиздемеси менен жазуу жүзүндө Шарк айыл кеңештин төрагасына берилет.
17.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча Шарк айыл кеңештин төрагасынын сунушу каралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын негиздемеси менен маалымдама аркылуу жол-жоболоштурулат жана жергиликтүү кеңешти депутаттарына жөнөтүлөт.
17.4. Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөн тартып 5 календардык күндөн кеч эмес убакытта чакырылат.
17.5. Кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө жергиликтүү Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарына маалымдоо кезексиз сессияны чакыруу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн баштап - 4 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.
17.6. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча жарыяда кезексиз сессияда каралуучу маселелер көрсөтүлүп, кезексиз сессия башталганга чейин 4 календардык күндөн кечиктирилбестен, аймактарда жалпы жашоочуларга жеткиликтүү жерлерде көрүнүктүү болуп илинет.
17.7. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүн маалымдоонун мөөнөтүн милдеттүү түрдө сактабастан эле кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.
17.8. Кезексиз сессиянын күн тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга кезексиз сессиянын 3 календарлык күнүнө чейин, калган бардык катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.
17.9. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда кезексиз сессиянын күн тартиби жана материалдары депутаттарга жана бардык чакырылгандарга жана катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.
18- бөлүм. Сессиянын күн тартиби
18.1. Сессиянын күн тартибинин долбоору Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин иш планынын, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, аткаруу органынын башчыларынын сунуштарынын негизинде жыйын өткөрүүгө чейин жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан 10 күн мурда жана кеңештин кезексиз сессиясына чейин 5 күн мурда түзүлөт. Өзгөчө кырдаал жаралган учурларда кечиктирилгис түрдө түзүлөт.
18.2. Күн тартибинин долбоорунун маселелери алар туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында алдын ала каралгандан кийин жана алар Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагалары менен макулдашылгандан кийин төрага тарабынан киргизилет.
18.3. Өткөрүлүүчү убактысы жана жери көрсөтүлүү менен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күн тартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долбоорлору жана башка документтер менен материалдар сессия башталганга чейин 3 календардык күндөн кеч эмес депутаттарга жана чакырылган адамдарга жөнөтүлөт. Күн тартибинин долбоору бир эле учурда маалымат тактайларына жайгаштырылат, ошондой эле жергиликтүү калктын таанышуусу үчүн аймактагы көрүнүктүү жерлерге илинет.
18.4. Эгерде Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттары зарыл деп эсептешсе, сессиянын күн тартибинин долбоору жергиликтүү гезиттерде, телекөрсөтүүдө жана радиода жарыя кылынат.
18.5. Сессиянын күн тартибинин долбоору сессияда төрагалык кылуучу тарабынан негиз катары кабыл алуу үчүн добушка коюлат.
18.6. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизлиши мүмкүн.
18.7. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбоорун жаӊы маселе менен толуктоо тууралуу сунуш, эгерде сунуш кылынган маселе мурда жергиликтүү кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралган болсо гана, катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен киргизилет.
18.8. Күн тартибинин долбооруна киргизилген маселелерди алып салуу же сессиянын күн тартибиндеги маселелерге өзгөртүү киргизүү (техникалык маанидеги) тууралуу сунуштар Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралбастан эле катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
18.9. Сессиянын күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин төрага тарбынан сессиянын күн тартиби жалпысынан кабыл алуу үчүн добушка коюлат, сессиянын күн тартиби Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
18.10. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясында кошумча материалдар кеңештин төрагасынын кол коюусу болгондо гана таркатылат.
19- бөлүм. Сессияга төрагалык кылуучу
19.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясын сессияга төрагалык кылуучу алып барат. Сессияга төрагалык кылуучу Шарк айыл кеңештин төрагасы болуп саналат, ал жокто кеңештин төрагасынын орун басары болот.
19.2. Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
19.2.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясын алып барууга;
19.2.2. маселелерди талкуулоого катышууга;
19.2.3. депутаттарга жана кызмат адамдарына маалым-кат алуу үчүн кайрылууга;
19.2.4. эгерде депутат Регламентти бузуп жатса, күн тартибинен башка маселе боюнча сүйлөсө, кемсинтүүчү сөздөрдү пайдаланса, чыгып сүйлөөчүнү эскертүүгө, эгерде кайталап мындай бузууларга жол берсе, чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө добушка коюуга;
19.2.5. чечим кабыл алынган учурда көпчүлүгүнүн добуш берүүсү ачыктан-ачык белгилүү болуп турганда добуштарды саноого убакыт кетирбөөгө;
19.2.6. сессияда пайда болгон пикир келишпестиктерди четтетүү жана маселелерди чечүү максатында депутаттар, адистер менен кеңешүүлөрдү өткөрүүнү жүргүзүүгө;
19.2.7. ушул Регламентте белгиленген тартипте сессияга катышуу тартибин бузган депутат болуп саналышпаган адамдарга сөз бербөө, жыйындар залынан чыгарып жиберүү тууралуу сунуштарды киргизүүгө;
19.2.8. залда өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле коомдук тартипти одоно бузуулар жаралган учурда сессияны токтото турууга.
19.3 Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
19.3.1. ушул Регламентти сактоого жана аны ушул жыйынга катышуучулардын баарынын сактоосун камсыз кылууга;
19.3.2. чыгып сүйлөө убактысын сактоону камсыз кылууга, белгиленген убакыттын бүтүп жаткандыгы тууралуу өз учурунда эскертүүгө;
19.3.3. сессиянын күн тартибине ылайык келип түшкөн сунуштардын ирети боюнча сөз сүйлөө үчүн сөз берүүгө;
19.3.4. сессиянын күн тартибинде турган маселелерди добушка коюуга;
19.3.5. келип түшкөн дептуттардын сунуштарын иретине жараша добушка коюуга;
19.3.6. депутаттардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарын жана кайрылууларын жарыя кылууга, суроо-талаптар үчүн сөз берүүгө, аларга суроо-жооп, маалымкат, билдирүү, жарандардын кайрылуулары, жарыялар үчүн, ошондой эле жыйынды алып баруу боюнча сын-пикирлер, Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтомунун долбоору боюнча сунуштарды жана түзөтүүлөрдү киргизүү, добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөө үчүн сөз берүүгө;
19.3.7. сессиянын протоколун жүргүзүүнү уюштурууга, жергиликтүү кеңештин сессияларынын протоколдоруна жана токтомдоруна кол коюуга;
19.3.8. сессиянын катышуучуларына карата сый мамиле жасоого, сессиянын катышуучуларына жекече сын-пикирин билдирүүдөн жана алардын сөздөрүнө баа берүүдөн, комментарий жасоодон карманууга;
19.3.9. сессияны алып баруунун эрежелери жана жол-жоболору боюнча билдирүүлөрдү жана түшүндүрмөлөрдү эске алууга;
19.3.10. эгерде Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы каралып жаткан маселе боюнча баяндамчы болсо же аны кеңештин төрагасынын кызмат ордунан бошотуу тууралуу маселени Датка айыл аймагынын айылдык кеңеш караган учурда, сессияны алып барууну орун басарына берүүгө.
20- бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети
20.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:
20.1.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;
20.1.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;
20.1.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин жана анын органдарынын жыйындарынын күн тартиби, талкуулануучу маселелерди кароонун ирети жана алардын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
20.1.4. токтомдордун долбоорлорун, жергиликтүү кеңеш же анын органдары кабыл алуучу документтерди жана аларга түзөтүүлөрдү кароо үчүн демилгелөөгө жана киргизүүгө;
20.1.5. Датка айыл аймагынын айылдык кеңеш түзүүчү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамы жана жергиликтүү кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарынын талапкерлиги боюнча пикирин билдирүүгө;
20.1.6. Датка айыл аймагынын айылдык кеңеш тарабынан түзүлүүчү органга, алардын курамына кирген адамдарга, ошондой эле жергиликтүү кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маслени коюуга;
20.1.7. жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыга сессияга төрагалык кылуучуга суроолорду берүүгө;
20.1.8 Датка айыл аймагынын айылдык кеңешке отчет берүүчү органдын же кызмат адамынын кеңештин сессиясында отчетун угуу, ошондой эле айыл кеңештин, аймагында жайгашкан башка органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маслелелер боюнча маалыматтарын угуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
20.1.9. өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
20.1.10. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясында, анын органдарынын жыйындарында жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жарандардын же алардын бирикмелеринин кайрылууларынын, билдирүүлөрүнүн, петицияларынын текстерин, эгерде алар коомдук мааниге ээ болсо, жарыя кылууга;
20.1.11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте ага берилген башка укуктардан пайдаланууга.
20.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө милдеттүү:
20.2.1. ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жана сессиянын ишине катышууга;
20.2.2. регламентти, сессиянын күн тартибин жана сессияга төрагалык кылуучунун укук ченемдүү талаптарын сактоого;
20.2.3. колун көтөрүү аркылуу сөз сүйлөөнү суранууга;
20.2.4. сессияга төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана чыгып сүйлөөгө;
20.2.5. жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
20.2.6. чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар-намысына жана кадырбаркына акарат келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, көзкөрүнөө жалган маалыматтарды пайдаланбоого, сессиянын катышуучуларына алардын чыгып сүйлөгөн сөздөрүнө баам бербөөгө, кимдир бирөөнүн дарегине карата негизсиз жалаа жабууга жол бербөөгө;
20.2.7. сессия учурунда төрагалык кылуучунун уруксаты менен чыгып кетүүгө.
20.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда депутат мыйзамдарга ылайык жооп берет.
20.4. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаты анын жеке кызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал үчүн, анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, бир туугандары үчүн материалдык жактан пайдалуу маселелелер кеңештин сессияларында каралган учурда катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
20.5. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттары жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси менен төмөндөгү маселелерди демилгелөөгө укуктуу:
20.5.1. өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же тийиштүү деңгээлде аткарбаган учурларда жергиликтүү кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотууга;
20.5.2 Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясын кезексиз тартипте чакырууга;
20.5.3. мурда кабыл алынган жергиликтүү коомдоштук уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө.
20.6. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясында депутаттар тарабынан айтылган жана жазуу жүзүндө төрагалык кылуучуга берилген сын-пикирлер жана сунуштар айыл кеңеш тарабынан же анын тапшырмасы боюнча туруктуу (убактылуу) комиссиялар тарабынан каралат же тиийштүү мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын кароосуна жөнөтүлөт, алар жергиликтүү кеңеш тарабынан башкача каралбаса, ошол сунуштарды жана сын-пикирлерди бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча сунуш жана сын-пикир киргизген депутатка, ошондой эле айыл кеңештин төрагасына билдирүүгө милдетүү.
20.7. Сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында депутаттарга жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын, депутаттардын сунуштарынын жана сын-пикирлеринин, шайлоочулардын сууроо-талаптарынын жүзөгө ашырылышын жүрүшү жөнүндө, ошондой эле айыл кеңештин жана анын органдарынын иштеринин башка маанилүү маселелери мазгил-мезгили менен маалымдалат.
21- бөлүм. Депутаттык этика
21.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган учурда жеке жана коомдук кызыкчылыктардын кагылышуусунан (мындан ары – кызыкчылыктардын кагылышуусу) качууга милдеттүү.
21.2. Кызыкчылыктардын кагылышуусу жаралган учурда депутат өзүн депутаттык этиканын кодексине ылайык алып жүрүүгө милдеттүү. Депутат өзүнүн ак ниеттүүлүгүнө коомчулукта шектенүү пайда кылбашы үчүн жана коомчулукка гана ишенүүгө мүмкүнчүлүк алышы үчүн баарын жасоого тийиш.
21.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиянын жыйналыштарында кандай гана маселе болбосун, аны караганга чейин же аны карап жаткан учурда депутат ошол маселеге жеке кызыкчылыгы бар болсо, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө жыйналышка төрагалык кылуучунун эсине салууга милдеттүү жана маселени андан аркы талкуулоодон жана добуш берүүдөн өз алдынча четтөөгө тийиш.
21.4. Мындай жоболор депутат тарабынан бузулган учурда караштуулугунда регламент маселелери болгон туруктуу комиссия тиешелүү корутундуну жергиликтүү кеңештин кароосуна сунуш кылууга милдеттүү.
21.5. Сессияларда, жыйналыштарда чыгып сүйлөгөн депутат өтө орой, кемсинткен, уят жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз айыптоолорду айтпоогого, ар-намыс, кадыр-барк жана ишмердик беделин мазактоого жол бербөөгө, жалган маалыматтарды пайдаланбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого тийиш.
22- бөлүм. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар.
22.1.Эгерде депутат өзүнүн жүрүм-туруму менен Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясын өткөрүүгө жолтоо кылса, төрагалык кылуучунун эскертүүсүн эске албаса, башка депутаттар же сессиянын катышуучулары менен кайым айтышса, талкууланган маселеден башкага өтүп кетсе, ушул Регламенттин жоболорун бузса, ага карата төмөнкүдөй чаралар колдонулушу мүмкүн:
22.1.1. эскертүү;
22.1.2. Сессиянын аягына чейинки мөөнөткө сөз бербөө.
22.1.3 Ушул главанын жоболорун биринчи жолу бузганда, төрагалык кылуучу эскертүү берет жана ушул Регламент менен белгиленген тартипти сактоо талабы менен кайрылат. Кайрадан жана андан кийин да тартип бузуулар болсо, ага карата ушул главанын бөлүгүндө каралган чара көрүү колдонулат.
22.2. Эгерде депутат башка адамдарга карата кемсинткен сөздөрдү айткан жана кесөө көрсөткөн, күч колдонгон учурда ал залдан чыгарылат, мындай аракеттери боюнча материалдар тиешелүү органдарга берилет.
22.3. Депутатка жана жергиликтүү кеңештин сессияларына катышкандарга карата колдонулууган чаралар сессиянын протоколунда белгиленет.
22.4. Караштуулугунда регламенттин маселелери болгон туруктуу комиссиялардын төрагаларынын, Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрүнүн маалыматтарынын негизинде Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясына жана туруктуу комиссиянын жыйналыштарына депутаттардын катышуусунун жыйынтыгын ар бир сессия сайын чыгарат.
Талкуулоонун жыйынтыктары боюнча турукту комиссия жүйөлүү себептерсиз жыйналыштарга катышпаган депутаттардын тизмесин Төрагага берет.
22.5. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарында тартипти сактоо максатында алардын төрагаларынын Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессияларына төрагалык кылуучу сыяктуу эле укуктары бар жана ушул главанын бөлүгүндө каралган чараларды колдонушу мүмкүн. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарында депутаттарга карата колдонулуучу чаралар комиссия тарабынан жыйналыштардын протоколунда белгиленет жана ошол депутаттар мүчөсү болуп саналган фракцияларга карап чыгуу үчүн берилет.
22.6. Караштуулугунда регламенттин маселелери болгон туруктуу комиссиянын мүчөлөрү фракциялардын мүчөлөрүнүн жүрүм-турум этикасы боюнча фракциялардын жыйналыштарына катышууга укуктуу.
23- бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына жергиликтүү кеңештин депутаты эмес адамдардын катышуу тартиби
23.1. Аткаруу органынын башчысы, райондун акими, анын орун басары, ошондой эле тиешелүү аймакта иш жүргүзгөн башка кызмат адамдары, аппарат кызматкерлери, жергиликтүү коомдоштук мүчөлөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар адамдар жергиликтүү кеңештин ачык сессияларына жана анын органдарынын ачык жыйындарына атайын уруксат алуусуз катышууга укуктуу.
23.2. Жогоруда аталган адамдар ачык сессияга жана/же анын органынын жыйындарына катышууга ниеттенишсе, сессиянын же жыйындын катчысы атайын каттоо журналына аларды каттайт жана алар жөнүндө маалыматтарды сессиянын же жыйындын протоколуна киргизет.
23.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаты болуп саналбаган адамдардын маалыматтары (ф.а. а., жашаган жери, иштеген орду) катчы тарабынан аларды катышып жаткан депутаттарга маалымдоо үчүн төрагалык кылуучуга берилет.
23.4. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттары болуп саналышпаган адамдар катталган учурдан тартып сессиянын, жыйындын катчысы аларды ушул Регламенттин 22 главасында белгиленген айыл кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышуунун тартиби жана жергиликтүү кеңештин Регламентин бузган учурда анын жоопкерчилиги тууралу тааныштырат.
23.5. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы жергиликтүү кеңештин сессиясын ачар алдында, сессияга катышып жаткан жергиликтүү кеңешке депутат болуп саналышпаган адамдардын сессияга катышып жаткандыктары жөнүндө депутаттарга маалымдайт.
23.6. Сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар үчүн жыйындар залында атайын орун бөлүнөт. Эгерде сессия, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары өтүп жаткан жыйындар залы катышууну каалагандардын баарын батыра албаса, төрагалык кылуучунун тапшырмасы боюнча жергиликтүү кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары аталган адамдардын өкүлдөрү киргизилиши мүмкүн. Өкүлчүлүк бир көчөдөн, бир кварталдан, бир райондон, бир айылдан, бир уюмдан, бир мекемеден, бир бирикмеден бир өкүл (эки же үч) болушу мүмкүн.
24-глава. Депутаттын жана Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдардын тартиби жана этикасы.
24.1. Өз ишинде жергиликтүү кеңештин депутаты жалпыга таанылган моралдык нормаларын кармоого, өзүнүн наркын сактай билүүгө, башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана кадыр-баркын ызаттоого, жергиликтүү кеңештин, шайлоочулардын жана жалпысынан мамлекеттин беделине шек келтирген аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан алыс болууга тийиш. Депутаттык мандатты жеке кызыкчылыктары үчүн колдонууга жол бербөөсү керек.
24.2. Депутат төмөндөгүлөрдү жасоого тийиш эмес:
24.2.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин саясий максаттар үчүн жана жеке пайда табуу үчүн конфиденциалдуу маалыматтарды колдонууга;
24.2.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин жабык сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, ошондой эле шайлоочунун же башка адамдын жеке турмушуна тийиштүү маалыматтарды жарыя кылууга, анткени алар депутатка аларды жайылтпоо шартында ишенүү менен айтылат;
24.2.3. өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек жазык жана жарандык иштер боюнча фактылар жөнүндө айтууга;
24.2.4. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин мүлкүн жеке максаттары үчүн пайдаланууга;
24.2.5. депутаттык милдеттерин аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактардан белек, акча каражаты жана аракети жана аракетсиздиги үчүн кызмат түрүндө сый акыларды алууга.
24.3. Депутаттар, айыл кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого милдеттүү, чыгып сүйлөгөндө орой, мазактаган сөздөрдү колдонууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга, кимдир бирөөнүн дарегине негизсиз күнөө жабууга жол берүүгө, талкууланып жаткан темадан чыгып кетүүгө укугу жок.
24.4. Ушул жоболор бузуган учурда сессияга төрагалык кылуучу сүйлөп жатканга эскертүү берет, Регламенттин талаптарын кайталап бузуулар болгон учурда төрагалык кылуучу сыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укуктуу, талкууланган маселе боюнча ага кайталап сүйлөөгө сөз берилбейт.
24.5. Сессия учурунда депутаттар чыгып сүйлөөчүнүн жана катышуучулардын сөз сүйлөөсүнө жана угуп олтуруусуна жолтоо болгон аракеттерди (кыйкыруу, кол чабуу, тура калуу, комментарийлерди берүү ж.б.у.с.) жасоого тийиш эмес.
24.6. Сессияга чакырылган жана катышып жаткан адамдар жергиликтүү кеңештин, анын органдарынын ишине сессиянын, жыйындын төрагалык кылуучунун уруксатысыз кийлигише албайт (сөз сүйлөө, билдирүү жасоо, өз пикирин билдирүү, комментарий жасоо).
24.7. Сессия учурунда залда катышып олтургандардын баары, депутаттарды кошуп алганда, түйүндүк байланыш аппараттарын өчүрүп коюуга (же үн чыкпас режимге коюуга) милдетүү.
24.8. Эгерде депутат ушул Регламенттин талаптарын бузса, сессияга, жыйынга төрагалык кылуучу анын жеке өзүн эскертет жана тартипке чакырат.
24.9. Айыл кенештин сессиясына төрт жолу катары менен жүйөлүү себептерсиз катышпаган, ошондой эле туруктуу (убактылуу) комиссиялардын иштерине, жергиликтүү кеңештин иш-чараларына туруктуу катышпаган, шайлоочулардын алдында отчет беришпеген депутаттар жөнүндө маалыматтар жергиликтүү кеңештин сессияларында жарыя кылынат жана тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн этика жана мандат боюнча туруктуу комиссияга берилет.
III. бөлүм. ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ. ШАРК АЙЫЛ КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ.
25- бөлүм. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар
25.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин ченем жаратуу иши жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндигинин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышы, мыйзамдуулук, негиздүүлүк, максаттуулук, адилеттүүлүк, ачыктык принциптеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
25.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин өзүнүн компетенциясынын чектеринде токтомдорду жана буйруктарды кабыл алат.
25.2.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтому - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана айыл аймагынын аймагында милдеттүү юридикалык күчү бар ченемдик укуктук акты. Айыл кеңештин токтому Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирет.
25.2.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин буйругу - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынуучу жана айыл аймагынын милдеттүү юридикалык күчү бар уюштуруу-тескөө мүнөздөгү акт Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин буйругу актылардын өзүндө башка нерсе каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
25.2.3. Оперативдүү, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча анын ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган жергиликтүү кеңештин төрагасынын чечимдери, ал тарабынан жекече буйрук формасында кабыл алынат. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын буйруктары актылардын өзүндө башка нерсе каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
25.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясынын чечими менен төраганын буйруктары өзгөртүлүшү, толукталышы жана жокко чыгарылышы мүмкүн.
25.4. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтомдору аймагында жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
25.5. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтому менен таанышуу ачык болууга тийиш. Көчүрмөсү маалымат тактайларында жайгаштыруу аркылуу жана «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка каражаттар аркылуу жалпыга маалымдалууга жатат.
25.6. Датка айыл аймагынын айылдык кеңеш белгилүү бир маселе боюнча өзүнүн көз карашын билдирүү үчүн айыл кеңештин кайрылууларын жана билдирүүлөрүн кабыл алат.
27-бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтомун жол-жоболоштуруунун тартиби.
Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтомунун түзүмдүк элементтерин, текстин жолжоболоштуруунун, жергиликтүү кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби, аны күчүн жоготту деп таануу «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12 жана 17-беренелеринде белгиленген талаптарга ылайык ишке ашырылат.
28- бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби
28.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясына киргизилүүчү документтердин пакетинде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
28.1.1. тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан жактырылган,
Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин жооптуу катчысы даярдаган токтомдун долбоору;
28.1.2. токтомдун долбооруна маалымкат-негиздеме (маалымат);
28.1.3. салыштырма таблица (колдонуудагы токтомго өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);
28.1.4. тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундусу же чечими;
28.1.5. токтомдун долбоорун мамлекеттик органдардын тийиштүү бөлүмдөрү, уюмдар, мекемелер, ишканалар, жергиликтүү жамааттар (зарылчылыкка жараша) менен макулдашылганы жөнүндө маалымат камтылган документтер;
28.1.6. экспертиза жүргүзүүнүн (зарылчылыкка жараша) натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар.
28.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтому мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет жана кабыл алынат.
Датка аймагында жашаган мамлекеттик тилди билгендердин саны басымдуулук кылган шартта жана айыл кеңештин токтомун мамлекеттик тилде киргизүү жана кабыл алуу тууралуу жергиликтүү кеңештин чечими болсо, Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтомун мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.
28.3. Регламенттин жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен даярдалып кароого киргизилген токтомдун долбоору белгиленген тартипте бузуулар четтетилгенге чейин кайтарылып берилүүгө жатат.
28.4. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин кароосуна киргизилген токтомдун долбоорунун текстинде:
28.4.1. беттин оң жактагы жогорку бурчуна «Долбоор» деп жазылат;
28.4.2. «Долбоор» деген сөздүн алдына долбоорду киргизген демилгечи (же кимге тапшырылганы) жана долбоор киргизилген дата көрсөтүлөт;
28.4.3. төмөнүрөөктө, беттин ортосунда документтин аталышы берилет
«________________________ЖӨНҮНДӨ ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ»;
28.4.4. андан ары «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12, 17 жана 30-беренелеринде белгиленген тараптарды сактоо менен токтомдун долбоорунун тексти баяндалат;
28.4.5. андан ары токтомдун күчүнө киришинин мөөнөтү такталат;
28.4.6. органдарга жана/же кызмат адамдарына конкреттүү тапшырма берилет жана төрагалык кылуучунун колу коюлат;
28.4.7. токтомдун аткарылышы үчүн кызмат адамына жана /же органга контроль жүктөлөт;
28.4.8. токтомдун текстинин алдында төрагалык кылуучунун фамилиясы жана колу көрсөтүлөт.
28.5. Токтомдун долбоорунун маалымкат-негиздемесинде (маалыматында) мына бул маалыматтар камтылууга тийиш:
28.5.1. ушул токтом кабыл алынгандан кийин жетишилүүчү же чечилүүчү максаттар жана милдеттер;
28.5.2. кабыл алынган токтомдон кийинки болжолдонуучу социалдык, экономикалык, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттер;
28.5.3. эгер ал өткөрүлсө, коомдук талкуулоонун натыйжалары тууралуу маалымат;
28.5.4. мыйзам долбоорунун өлкөнүн мыйзамдарына ылайык келишин талдоо;
28.5.5. эгерде токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл финансылык каражаттар керек болсо, аны каржылоонун булактары.
28.6. Тикеден-тике жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгын козгогон токтомдун долбоору, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салган токтомдун долбоору аткаруу органынын, жергиликтүү кеңештин маалымат тактасында жайгаштырылуу же коомдук угууларды, чогулуштарды өткөрүү менен коомдук талкууланууга жатат.
28.7. Талкуулоонун жүрүшүндө коомдук талкуулоонун катышуучуларынан түшкөн сунуштар кабыл алынат, каралат жана жалпылаштырылат.
Коомдук талкуулоонун натыйжалары боюнча аларды токтомдун долбооруна киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен келип түшкөн сунуштар тууралуу жыйынтыктоочу маалымат даярдалат.
Жыйынтыктоочу маалымат токтомдун долбооруна тиркелген маалымкатнегиздемеде чагылдырылат.
28.8. Коомдук талкуулоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча финансылык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка каражаттардан ишке ашырылат.
28.9. Токтомдун долбоору боюнча коомдук талкуулоонун мөөнөтү бир айдан кем эмес болот.
28.10. Ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каржылоону талап кылынган токтомдун долбоору, ал боюнча каржылоо булагы табылганга чейин каралууга жатпайт.
29- бөлүм. Датка айыл кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби
29.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессияларында күн тартибине киргизилген жана сессиянын ишинин башталышында жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан бекитилген маселелер каралат.
29.2. Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маселенин демилгечиси же маселени алдын ала кароо тапшырылган туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасы баяндама менен чыгып сүйлөйт, эгерде органдын же кызмат адамынын отчету болсо отчет берүүчү адам, эгерде уюмдун, мекеменин, ишкананын, бирикменин иши жөнөндө маалымат болсо, анда анын жетекчиси (мындан ары-баяндамачы) чыгып сүйлөйт, баяндамачы жок болуп калган учурда анын эмне үчүн жок болгондугун аныктоо менен маселе кийинки сессияга жылдырылат.
29.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаты, сессияга катышкан адамдар каралып жаткан маселе боюнча баяндамачыга суроо берүүгө, каралып жаткан маселе боюнча токтомдун долбооруна жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлерин жана сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду) берүүгө укуктуу.
29.4. Маселени жана токтомдун долбоорун караган учурда туруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундулары, ошондой эле депутаттардын жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлери жана сунуштары (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) угулат, алар талкууланып добуш берүүгө коюлат.
29.5. Талкуу (жарыш сөз) бүткөндөн кийин баяндамачы корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу. Андан ары депутаттар добуш берүүнүн түрү (ачык, жашыруун) боюнча сунуш берүүгө укуктуу.
29.6. Талкууланып жаткан маселе боюнча токтомдун долбоорунун текстине депутаттардан сунуштар (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) келип түшсө, төрагалык кылуучу депутаттардын бардык сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду) түшкөн ирети боюнча добушка коет. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген депутаттын сунушу кабыл алынды деп эсептелинет жана токтомдун долбоорунун текстине кошулат. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаган сунуш четке кагылды деп эсептелинет.
29.7. Токтомдун долбоору добуш берүү аркылуу киргизилген сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен жалпысынан добушка коюлат. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп эсептелинет. Четке кагылган токтомдун долбоору айыл кеңештин кезектеги сессиясында каралышы мүмкүн.
29.8. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттары талкуулоонун жыйынтыктары боюнча, эгерде берилген суроолор боюнча баяндамачынын жоопторуна канаатанышбаса, же каралып жаткан маселени баяндамачы жетишерлик эмес иликтесе, же мыйзамдардын нормаларына карама каршы келсе, депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, айыл кеңештин кийики сессиясына киргизүү укугу менен маселени жеткире иштеп чыгууга жөнөтүү тууралуу депутаттардын жалпы санын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алууга укутуу.
29.9. Талкуулоонун жүрүшүндө баяндамачы каралып жаткан маселени кийинки сессияга жылдыруу тууралуу билдирүү менен төрагалык кылуучуга расмий түрдө жазуу же оозеки түрүндө кайрылууга укуктуу. Мындай учурда талкуулоо токтотулат, каралып жаткан маселе кийинки сессияда каралууга жатат.
29.10. Төрагалык кылуучунун, туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасынын же депутаттардын үчтөн биринин кем эмесинин сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш кыскартылган жол-жобо боюнча маселелерди кароо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Кыскартылган жол-жобого төмөндөгүлөр кирет:
29.10.1. негизги баяндамачынын баяндамасы;
29.10.2. ар бир депутутаттан эки суроо жана аларга жооптор;
29.10.3. 5 мүнөттөн ашык эмес жарыш сөз (талкуу);
29.10.4. баяндамачынын корутунду сөзү;
29.10.5. токтомдун долбоорунун текстине келип түшкөн депутаттардын сунуштары боюнча добуш берүү;
29.10.6. токтомду жалпысынан кабыл алуу боюнча добуш берүү.
30- бөлүм. Датка айыл кеңештин сессияларындагы жол-жобо маселелери
30.1. Жол-жобо маселелерине сессияны алып баруунун тартибине байланышкан төмөндөгү маселелер кирет:
30.1.1. сессияда тыныгуу, аны жылдыруу, жабуу же узартуу жөнүндө;
30.1.2. добуш берүүнүн жолун өзгөртүү жөнүндө;
30.1.3. чыгып сүйлөөлөрдүн кезегин өзгөртүү жөнүндө;
30.1.4. кошумча каттоону жүргүзүү жүнүндө;
30.1.5. кворумду тактоо жана добуштарды кайра саноо жөнүндө;
30.1.6. талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөздөрдү жылдыруу же токтотуу жөнүндө;
30.1.7. маселени кароону туруктуу же убактылуу комиссияларга өткөрүп берүү жөнүндө;
30.1.8. чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын чектөө же узартуу жөнүндө;
30.1.9. күн тартибинин башка маселелерине өтүү (кайрылып келүү) жөнүндө;
30.1.10. сессияда маслелелерди кароонун жана талкуулоонун ирети жөнүндө;
30.1.11. добуш берүүнүн түрүн белгилөө жөнүндө;
30.1.12. маслени кароону кийинки сессияга жылдыруу жөнүндө;
30.1.13. маселелерди талкуулоонун жалпы узактыгын белгилөө жөнүндө;
30.1.14. күн тартибине маселелерди киргизүү жана алып салуу жөнүндө;
30.1.15. чыгып сүйлөөлөрдүн жана маселелердин санына чектөө белгилөө жөнүндө;
30.1.16. суроо жооптордун убактысына чектөө киргизүү же узартуу жөнүндө;
30.1.17. каралып жаткан маселе боюнча адамдарды жыйынга чакыруу жөнүндө;
30.1.18. чакырылган адамдарга сөз берүү жөнүндө;
30.1.19. күн тартибинин маселесин талкуулабай туруп добушка коюуга өтүү жөнүндө;
30.1.20. добуштарды кайра саноо жөнүндө; 30.1.21. жол-жобого кирген башка маселелер.
30.2. Жол-жобо маселелери боюнча жергиликтүү кеңештин чечими катышып жаткан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана токтом менен тастыкталбайт.
31- бөлүм. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы
31.1. Сессияларда төмөндөгүдөй чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын убактысынын узактыгы каралат:
31.1.1. баяндама - 5 мүнөткө чейин;
31.1.2. баяндамаларды жарыш сөздөрдө талкуулоо үчүн - 5 мүнөткө чейин;
31.1.3. күн тартибин талкуулоо үчүн – 2 мүнөткө чейин;
31.1.4. талкууланып жаткан маселе боюнча корутунду сөз үчүн - 3 мүнөткө чейин;
31.1.5. шайлануучу кызматка талапкердин чыгып сүйлөөсү үчүн - 5 мүнөткө чейин;
31.1.6. талкууланып жаткан талапкер боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөө үчүн -3 мүнөткө чейин;
31.1.7. добуш берүүнүн жүйөсү боюнча чыгып сүйлөө үчүн - 1 мүнөткө чейин;
31.1.8. жыйынды алып баруунун тартиби боюнча чыгып сүйлөө үчүн - 1 мүнөткө чейин;
31.1.9. сунуштар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылуулар үчүн - 2 мүнөткө чейин;
31.1.10. кайталап сөз сүйлөө үчүн - - 2 мүнөткө чейин;
31.2. Катышып олтурган депутаттардын макулдугу менен төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын 3 мүнөткө чейин узартууга укугу бар.
31.3. Бир эле маселе боюнча бир депутаттын экиден ашык сөз сүйлөөсүн жол берилбейт.
31.4. Шайлануучу кызматка талапкердин баяндамасы, чыгып сүйлөөсү трибунадан жүргүзүлөт, калган чыгып сүйлөөлөр – трибунадан же олтурган ордунан жүргүзүлөт.
31.5. Депутат жыйында төрагалык кылуучу тарабынан өзүнө сөз берилгенден кийин гана сөз сүйлөйт.
31.6. Сөз берүү жөнүндө сунуш төрагалык кылуучуга жазуу түрү сыяктуу эле, оозеки түрүндө да берилет.
31.7. Аткаруу органынын башчысы, райондун акими жана анын орун басарлары каралып жаткан маселе боюнча сөз сүйлөө үчүн кезексиз түрдө сөз алууга укуктуу.
31.8. Сессияны алып баруунун тартиби, добуш берүүнүн түрү, маалымат, түшүнүк берүү боюнча сөз сессияга төрагалык кылуучу тарабынан берилиши мүмкүн, анын узактыгы 2 мүнөттөн ашпайт.
31.9. Депутаттардын билдирүүлөрү жана кайрылуулары күн тартибинин «Ар кандай маселелеринде» каралат. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясынын же төрагалык кылуучунун чечими боюнча «Ар канадай маселелерге» 40 минут мүнөт убакыт берилиши мүмкүн.
31.10. Күн тартибинин кезектеги маселесин кароого өтүү же бүтпөй калган мурдагы маселелердин бирине кайрылып келүү, ошондой эле маселелерди кароонун иретин өзгөртүү сессияга төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт.
31.11. Сессияга төрагалык кылуучу тарабынан сессиянын ишине 20 мүнөткө чейинки кезексиз тыныгуу (добуш берилбей туруп) жарыяланышы мүмкүн.
31.12. Баш аламандык пайда болгондо жана аны токтотууга мүмкүн болбой калганда төрагалык кылуучу 40 мүнөткө чейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессия өз ишин кайрадан баштаганда баш аламандык улана берсе, төрагалык кылуучу сессияны жабык деп жарыялоого жана/же аны белгилүү убакка же күнгө которууга укуктуу.
(Чыгып сүйлөөлөрдүн жана тыныгуулардын убактысы ар бир жергиликтүү кеңештин депутаттарынын өз каалоолору боюнча аныктала тургандыгын белгилөө зарыл).
32- бөлүм. Жарыш сөз (талкуулоо)
32.1. Төрагалык кылуучунун уруксаты жок Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясында эч кимдин сөз сүйлөөгө укугу жок.
32.2. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчүлөр талкууланып жаткан маселенин темасын карманууга тийиш. Чыгып сүйлөөчү темадан чыгып кеткен учурда, төрагалык кылуучу ага эскертет, ал эми Регламенттин талаптарын кайталап бузган учурда төрагалык кылуучунун чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселени добушка коюуга укугу бар.
32.3. Төрагалык кылуучу жарыш сөздөрдү токтотуу тууралуу сунуш келип түшкөндө депутаттарга чыгып сүйлөөнү каалагандардын, бирок сөз жетпей калгандардын саны жөнүндө баяндайт, кимиси чыгып сүйлөөнү талап кылып жатканын аныктайт жана ушуларды эске алуу менен жарыш сөздү токтотуу тууралуу маселени добушка коет.
32.4. Жарыш сөз токтотулгандыгына байланыштуу сөз сүйлөй албай калган депутаттык топтун өкүлүнүн, депутаттардын төрагалык кылуучуга сүйлөөчү сөздөрүнүн текстин сессиянын протоколуна тиркеп коюу үчүн берүүгө укугу бар.
33- бөлүм. Чечим кабыл алуу үчүн кворум
33.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин чечимдери төмөндөгүдөй кабыл алынат:
33.1.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен;
33.1.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен;
33.1.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарынын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен.
33.2. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен төмөндөгү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:
33.2.1 Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо;
33.2.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
33.2.3. Датка айыл коомдоштуктун уставын бекитүү.
33.3. Депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен төмөндөгү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:
33.3.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
33.3.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин дептутаттарынын демилгеси боюнча кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатуу;
33.3.3. мурда кабыл алынган айыл коомдоштуктун уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
39.4. Депутаттардын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен жолжобо маселелери боюнча чечимдер кабыл алынат.
34- бөлүм. Добуш берүү жана анын түрлөрү
34.1. Ушул Регламентте добуш берүүнүн натыйжаларын аныктоо үчүн колдонулган төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
34.1.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны - 31;
34.1.2. жыйынга катышкандардын саны – каттоодон өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын саны.
34.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессияларда ачык жана жашыруун добуш берүү жолу менен чечимдерди кабыл алат. Добуш берүү кеңештин депутаттарынын кол көтөрүүсү аркылуу жана төрагалык кылуучунун добуштарды саноосу аркылуу (ачык добуш берүү) же депутаттар атайын кабинада бюллетендерди толтуруп, аларды чапталып бекитилген үкөккө салуу (жашыруун добуш берүү) аркылуу жүргүзүлөт.
34.3. Тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү кворум жок болгондо төрагалык кылуучу кворум камсыз кылынганга же кийинки сессияга чейин добуш берүүнү жылдырат.
34.4. Бардык маселелер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясынын протоколуна түшүрүлөт.
34.5. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаты добуш берүүгө өзүнүн укугун жеке өзү ишке ашырат. Депутаттын добуш берүү укугун башка депутатка ишеним кат же башка жол менен өткөрүп берүүсүнө жол берилбейт.
34.6. Бир маселе боюнча добуш бергенде Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаты чечим кабыл алуу үчүн “макул” же “каршы”, болбосо чечим кабыл алууда “калыс” добуш берүү менен бир добушка ээ.
34.7. Добуш берүү учурунда жок болгон Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаты добуш берүү аяктагандан кийин өзүнүн добушун берүүгө укугу жок. Жыйындар залында катышып олтурган шартта депутаттын добуш берүүгө катышпай калышы добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайра кароо үчүн негиз болуп саналбайт.
34.8. Добуш берүүнүн башталгандыгы жарыялангандан кийин эч кимдин аны үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.
35- бөлүм. Ачык жана жашыруун добуш берүү
35.1. Ачык добуш берүү – ар бир депутаттын жооптун варианттарынын (“макул”, “каршы”, “калыс”) бирөөсү боюнча өзүнүн эркин билдирген добуш берүү ыкмасы.
35.2. Ачык добуш берген учурда добуштарды саноо төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт.
35.3. Добуштар саналгандан кийин сессияга төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт.
35.4. Добуш берүүдө жол-жоболук ката кетирилген учурда (же төрагалык кылуучунун катасы) Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттары кайталап добуш берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
35.5. Жашыруун добуш берүү – добуш берүүгө катышкандардын жашыруун жүргүзгөн добуш берүү ыкмасы, бул учурда жооптордун варианттарынын (“макул”, “каршы”, “калыс”) бири боюнча добуш берүүчүнүн эркин контролдоо жокко чыгарылат.
35.6. Жашыруун добуш берүү милдеттүү болгон маселелер, ошондой эле Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими боюнча жашыруун добуш берүү жүргүзүлөт.
35.7. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү, бюллетендерди толтуруу аркылуу ар бир депутаттын жеке өзү тарабынан ишке ашырылат, бюллетендер депутаттардын тизмесине ылайык ар бир депутатка берилет жана депутаттын өз эркин жашыруун билдирүүнү камсыз кылган атайын кабинада толтурулуп, эсептөө комиссиясы мөөр басып бекиткен добуш берүүчү үкөккө салынат.
36- бөлүм. Эсептөө комиссиясынын иши
36.1. Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана анын натыйжаларын белгилөө үчүн Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттары ачык (же жашыруун) добуш берүү менен эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүн шайлашат, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны так сандардан турат.
36.2. Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысын шайлайт, ошондой эле эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт.
Эсептөө комиссиясынын төрагасын, катчысын шайлоо жөнүндө, ошондой эле мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү тууралуу эсептөө комиссиясынын чечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат, протокол Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
36.3. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин чечими менен сунуш кылынган жана бекитилген форма боюнча эсептөө комиссиясы тарабынан дайындалат, анын саны жергиликтүү кеңештин депутаттарынын санына барабар болот. Добуш берүү үчүн бюллетенде “макул”, “каршы”, “калыс” деген жооптордун варианттары турат. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендин ар биринин арткы бетине кол коюшат.
36.4. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүү үчүн кабинаны орнотуу менен депутаттар өз эркин жашыруун билдирүү үчүн шарттарды түзөт.
36.5. Добуш берер алдында эсептөө комиссиясы Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин бардык депутаттарынын катышуусунда добуш берүүчү үкөктү бекитет.
36.6. Депутат жашыруун добуш берүү үчүн бир бюллетень алып, жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендерди берүү ведомостундагы өзүнүн фамилиясынын тушуна кол коёт жана жашыруун добуш берүү үчүн кабинага келет. Добуш бергенден кийин депутат добуш берүүчү үкөккө бюллетенин таштайт.
36.7. Добуш берүү бүткөндөн кийин эсептөө комиссиясында калып калган бюллетендер эсептелинет жана депутаттардын катышуусунда эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан бюллетендин оң бурчун кесүү аркылуу жок кылынат.
36.8. Депутаттардын добушун саноодо белгисиз формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эркин билдирүүнү аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп табылат. Бюллетенге киргизилген толуктоолор добуштарды саноодо эске алынбайт.
36.9. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө эсептөө комиссиясы протокол түзөт, ал эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана сессияда эсептөө комиссиясынын төрагасы аны жарыя кылат.
36.10. Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде сессияга төрагалык кылуучу чечимдин кабыл алынгандыгы же кабыл алынбагандыгы тууралуу жарыя кылат. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтому менен бекитилет.
37- бөлүм. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби
37.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин катчысы баяндамачы менен бирдикте айыл кеңеш чечим кабыл алган маселе боюнча кабыл алынган токтомду ал кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында жолжоболоштурат.
37.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укугу жок жана ага кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында кол коёт.
37.3. Документти жол-жоболоштурган учурда грамматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, ага оңдоо киргизүүгө жол берилбейт. Сессияда кабыл алынган Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтомунун мазмундук бөлүгүнө оңдоо киргизген адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык документти бурмалагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.
37.4. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн расмий жарыяланууга тийиш:
37.4.1. тиешелүү аймакта кеңири жайылтылган басылмалардын ичинен Датка айыл аймагынын айылдык кеңеш өзү аныктаган тийиштүү басма сөз басылмасында;
37.4.2. жергиликтүү кеңештин расмий веб-сайтында;
37.5. Токтомду расмий жарыялоо мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскердик жашыруун сырды камтыган токтомдорду кошпогондо, толук эмес баяндамадагы токтомдорду жарыялоого жол берилбейт.
37.6. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланышынын датасы ошол акт жарык көргөн басылма жарыкка чыккан күн эсептелинет.
37.7. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердик ишти жөнгө салган токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн эрте эмес күчүнө кирет.
37.8. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтомдорун каттоону төмөнкү реквизиттерди көрсөтүү менен жергиликтүү кеңештин токтомдорун каттоо жөнүндө журналга жазып түшүрүү аркылуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ишке ашырат:
37.8.1. актынын түрүн көрсөтүү;
37.8.2. ошол ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу предметин билдирген аталыш;
37.8.3. кабыл алынган жери жана датасы;
37.8.4. каттоо номери.
37.9. Расмий жарыяланган күнү Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тийиштүү аймактык бөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик жана/же расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түшүрмөлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актыларын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
37.10. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсү кабыл алынган чечимдер жөнүндө коомчулукту кеңири маалымдоону камсыз кылуу үчүн тиешелүү аймактын маалымат илинүүчү тактайларына милдеттүү түрдө жайгаштырылат.
38- бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу
38.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында протокол жүргүзүлөт, ага катар номери берилет.
38.2. Сессиялардын жана жыйындардын протоколдорун жүргүзүү жана жолжоболоштуруу протоколдорду жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу болгон жооптуу катчы тарабынан жүргүзүлөт. Зарылчылык болгон учурда аткаруу органынын башчысы менен макулдашуу боюнча Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасы менен туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүүнү жана жолжоболоштурууну аткаруу органынын аппаратынын кызматкери жүргүзөт.
38.3. Протоколдун тексти киришүү жана негизги бөлүктөрдөн турат:
38.3.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессияларынын жыйындарынын протоколунун киришүү бөлүгүндө номери, датасы, өткөрүлгөн убактысы жана орду; айыл кеңештин чакырылган жылы, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы саны, катышкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде 10дон ашык адам чакырылса, чакырылгандардын тизмеси тиркелет), баяндамачынын фамилиясын көрсөтүү менен күн тартиби, эгер түзүлгөн болсо эсептөө комиссиясынын курамы чагылдырылат;
38.3.2. негизги бөлүгүндө сессияны алып баруунун жүрүшү, каралган маселелер, баяндама менен чыгып сүйлөгөндөр жана жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр, добушка коюлган маселелер жана сунуштар, аларды кабыл алуунун жолдору; добуш берүүнүн натыйжалары жана кабыл алынган чечимдер, сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар чагылдырылат.
38.4. Депутаттардын фамилиялары алардын фамилияларын жана аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, башка адамдардын – фамилияларын, аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, кызмат ордун жана иштеген ордун, эгерде иштебеген болсо жашаган жерин көрсөтүү менен коштолот. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрү катышкан учурда алардын фамилиялары жана жашаган жери көрсөтүлөт.
38.5. Сессиянын протоколу сессиянын иши аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат, ага жергиликтүү кеңештин төрагасы жана ___________________ жооптуу катчысы тарабынан кол коюлат. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарынын протоколу алар аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат жана комиссиянын төрагасы жана ___________________ жооптуу катчысы тарабынан кол коюлат.
38.6. Жабык сессиялардын материалдарын кошпогондо, жыйындардын протоколдорунун көчүрмөлөрү ачык кол жеткендей болууга тийиш. Жооптуу катчы Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарына жана башка кызыкдар адамдарга протоколдордун жана токтомдордун көчүрмөлөрүн берет, алардан көчүрүп алууларды жүргүзөт.
38.7. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессияларында жана туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында видео-аудио жазып алуулар жүргүзүлүшү мүмкүн, алар жергиликтүү кеңештин депутаттары үчүн жеткиликтүү болот.
38.8. Протоколдордун, видео жазып алуулардын түп нускалары жооптуу катчыда сакталат. Жыйындардын жана сессиялардын протоколдору, алардын тиркемелери тийиштүү жергиликтүү кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн аралыгында сакталат. жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктары аяктаганда жыйындардын, сессиялардын протоколдору жана алардын тиркемелери туруктуу сактоого архивге тапшырылат.
38.9. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин жабык сессиясынын материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулат
39- бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө.
39.1. Токтомдо аны жүзөгө ашыруунун тартиби белгиленилет, атап айтканда:
39.1.1. жалпысынан токтомдун же анын пункттарын же колдонууга киргизилишинин конкреттүү мөөнөттөрү жана жолдору;
39.1.2. токтомду жүзөгө ашыруу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына конкреттүү тапшырмалардын, аткаруу органынын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (зарылчылыкка жараша) кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларынын кабыл алынышы, аткаруу органынын башчысынын актыларынын жергиликтүү кеңештин токтомуна ылайык келтирүү;
39.1.3. аны аткаруу үчүн мөөнөттөр белгиленилет.
39.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин ар бир токтомунда токтомдо көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу жүктөлгөн кызмат адамы же орган, ошондой эле токтомдун аткарылышын контролдоо жүктөлгөн кызмат адамы же орган көрсөтүлөт.
39.3. Токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат угулгандан кийин, Датка айыл аймагынын айылдык кеңеш төмөндөгүлөргө укуктуу:
39.3.1. аткарылган катары токтомду контролдон алып коюу;
39.3.2. аткарылган катары токтомдун айрым пункттарын контролдон алып коюу;
39.3.3. ошол токтом боюнча аткаруу мөөнөтүн жылдыруу;
39.3.4. башка кызмат адамына же органга контролдоо ыйгарым укуктарын жүктөө;
39.3.5. токтомду жокко чыгаруу;
39.3.6. токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү; 39.3.7. кошумча токтомду кабыл алуу.
395.4. Контролдоо боюнча отчёттун мөөнөтү токтомдун өзүндө көрсөтүлөт. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы токтомдун аткарылышы үчүн контрол жүктөлгөн кызмат адамына же органга жергиликтүү кеңештин сессиясында анын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берүүнү тапшырууга укуктуу.
IV БӨЛҮМ. ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ
40- бөлүм. Датка айыл бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
40.1. Бюджеттик процесстин ачыктыгын жана айкындаган, Датка айыл бюджетти түзүүгө жарандардын катышуусун жана жергиликтүү бюджетти аткаруунун натыйжалары тууралуу отчетту кароону камсыз кылуу максатында жергиликтүү кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы бюджеттин долбоорун ошондой эле жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча очетту бюджет боюнча жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизгенге чейин бюджет боюнча коомдук угууларды демилгелөөгө жана аны уюштурууну жана өткөрүүнү аткаруу органынын башчысына тапшырууга укуктуу.
40.2. Бюджет боюнча коомдук угуулардын натыйжалары жергиликтүү бюджеттин долбоорун жана анын аткарылышынын отчетун караган жана бекиткен учурда бюджет боюнча туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнө, Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарына маалымат булагы катары кызмат кылат.
40.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы аткаруу органынын, мамлекеттик салык кызматынан жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз учурунда жана сапаттуу түзүү үчүн керектүү болгон бардык маалыматтарды суратып алууга жана өзүнүн жыйындарында ошол органдардын жетекчилерин, коомдук угуулардын активдүү катышуучуларын, демилгечи топторду, коомдук бирикмелерди жана башка кызыкдар адамдарды чакырууга жана угууга укуктуу.
40.4. Жергилиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
40.5. Бюджет боюнча туруктуу комиссия бюджеттин долбоорун алдын ала кароону жүргүзөт жана аткаруу органынын отчетун угат, коомдук угуулардын катышуучуларынан жана башка кызыкдар жактардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясына бюджеттин долбоору боюнча корутундусун берет.
40.6. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясында жергиликтүү коомдоштуктун жана башка кызыкдар жактардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин такталган долбоору ачык-айкын каралат, ошондой эле коомдук угуулардын натыйжалары боюнча бюджеттин аткарылышы тууралуу аткаруу органынын отчету каралат.
40.7. Тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу жергиликтүү кеңештин токтому жергиликтүү ЖМК гезити аркылуу жалпыга жайылтууга жатат жана документтердин көчүрмөсү маалымат тактайларына жайгаштырылат.
41- бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин жарандарынын мыйзам чыгаруу демилгесин кароо
41.1. Мыйзамдардын жана жергиликтүү коомдоштуктун уставына ылайык жарандар мыйзам чыгаруу демилгесине ээ.
41.2. Жергиликтүү коомдоштук тарабынан жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизилген жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган ченемдик укуктук актынын долбоору (токтомдун долбоору) демилгечи топтун катышуусу менен тийиштүү туруктуу комиссия тарабынан каралат.
41.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин кароосуна киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору туруктуу комиссиянын корутундусун эске алуу менен демилгечи топтун, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда айыл кенештин кезектеги же кезексиз сессиясында каралат.
41.4. Айыл коомдоштук тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актынын долбоорун кароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган жергиликтүү кеңештин чечими аны киргизген демилгечи топко, жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнө расмий жазуу түрүндө жеткирилүүгө тийиш.
42-глава. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына - айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү.
42.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси менен өткөрүлөт.
42.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү жөнүндө чечим жашыруун добуш берүү менен Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.
42.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына ишенбестик билдирүү жөнүндөгү айыл кеңештин токтомунун долбоорунда анын 1-2 жылдан кем эмес аралыктагы ишмердүүлүгү терең талданып, документтер менен тастыкталган кемчиликтери, укук бузуулары көрсөтүлүүгө тийиш.
42.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына анын ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер жана укук бузуулар тууралуу сессияда маселе карала тургандыгы бир жума мурда кабарланууга тийиш.
43- бөлүм Датка айыл аймагынын айылдык кеңеш тарабынан көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартиби
43.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, анын түзүмдүк бөлүктөрү өз ишинде айыл кеңештин алдында отчет берет жана көзөмөлүндө болот.
43.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин көзөмөлдүк иши Кыргыз Республикасынын мыйзамына, бул регламентине ылайык жүзөгө ашырылат.
43.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин көзөмөлдүк ишин жүзөгө ашыруучу субъекттер болуп депутаттар, фракциялар, туруктуу, убактылуу жана жумушчу комиссиялар эсептелет.
43.4. Көзөмөлдүк иши төмөнкү формада жүзөгө ашырылат: Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясында отчетторду угуу; фракциялык сурамаларды жөнөтүү; маалыматтарды угуу.
43.5. Текшерүүлөрдү жүргүзүү жергиликтүү кеңештин төрагасынын буйругунун негизинде жүзөгө ашырылат.
43.6. Көзөмөлдүк иш-чараларды өткөрүү мөөнөтү 10 календардык күндөн ашпоосу керек. Финансылык олуттуу тартипти бузуулар, бюджеттик каражаттарды жана башка ресурстарды мыйзамсыз жана натыйжасыз чыгымдоо фактылары табылган, ошондой эле Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин көзөмөлдүк функциясын жүзөгө ашыруучу субъекттерге жолтоо болгон учурларда, баяндама каттын негизинде жергиликтүү кеңештин төрагасы комиссиянын иштөө мөөнөтүн узартат. Текшерүүлөрдү жүргүзүү текшерилип жаткан субъекттин негизги ишине жолтоо болбоосу керек.
43.6. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча маалыматтык кат даярдалат, ал Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасына жөнөтүлөт. Текшерүүлөрдүн жыйынтыктары тиешелүү туруктуу комиссияда, фракцияда, зарыл болгон учурда сессияда каралат.
43.7. Текшерилген ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринин дарегине табылган тартип бузууларды четтетүү боюнча сунуштар, жумушчу же туруктуу комиссиялардын чечимдери, маселе сессияда каралган учурда Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтому жөнөтүлөт.
44-глава. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракети.
44.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык мамлекеттик бийлик менен өз ара мамилелерин жүзөгө ашырат.
44.2. Мамлекеттик бийлик органдары Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
44.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңеш бийликтин аткаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүдө кийлигишүүгө укуксуз.
44.4. Аймактын кызыкчылыгына тийиштүү маселелер боюнча сессияга тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана райондук бөлүмдөрүнүн, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү чакырылат.
44.5. Аймакты өнүктүрүүнүн эң маанилүү маселелери боюнча, айыл өкмөтү консультацияларды өткөрөт жана жергиликтүү кеңеш менен өз чечимдерин жазуу түрүндө макулдашууларды жүргүзөт.
44.6. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өкүлдөө жөнүндө келишимдерди бекитет.
45- бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы.
46.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңеш айыл аймагын жана шаарды өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин даярдоодо жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү менен консультацияларды өткөрөт, сунуштарын жана пикирлерин эске алат, зарыл болгон учурда аларды жумушчу топторго тартат.
46.2. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча көтөргөн демилгелерин, кайрылууларын кылдаттык менен алардын өзүн, башка кызыкдар болгон тараптарды катыштырып талкуулайт, жакшы сунуштар боюнча маселе даярдап сессиянын кароосуна киргизет.
46.3. Сессиянын токтомдорунун долбоорун коомдук экспертизадан өткөрүү зарыл болгон учурларда жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүн бул ишке тартат.
V БӨЛҮМ. ДЕПУТАТТАРДЫН ШАЙЛООЧУЛАР МЕНЕН БОЛГОН БАЙЛАНЫШЫ. ДЕПУТАТТЫК СУРОО ТАЛАП
47- бөлүм. Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби
47.1. Депутаттардын шайлоочулар менен иштөө тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кайрылуу жол-жобосу, депутаттын өкүлчүлүк ишинин кепилдигинин маселелери депутаттын статусу жөнүндө мыйзам жана ушул Регламент менен аныкталат.
47.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүн камсыз кылуу үчүн мэрия, айыл өкмөтү жолугушуу үчүн атайын жайларды бөлүп берет.
47.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңеш, анын Аппараты, айыл кеңештин (штат болбосо айыл өкмөтүнүн) жооптуу катчысы сессиялардын ортосундагы мезгилде шайлоочулар менен ишти төмөнкүдөй уюштурат:
47.3.1. шайлоочуларды кабыл алуу;
47.3.2. арыздарды, кайрылууларды, сунуштарды кароо;
47.3.3. шайлоочулар менен жолугушууларды, тегерек үстөлдөрдү, ачык эшиктер күндөрүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;
47.3.4. шайлоочулардын арыздары боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына депутаттык суроо-талаптарды жиберүү.
47.4. Аппараттын тиешелүү кызматкерлери, жооптуу катчы жыл сайын Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсүнө сапаттык жана сандык талдоо жүргүзөт. Шайлоочулар менен иштөөнүн ар жылкы талдоосу Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессияларында депутаттар тарабынан каралат.
47.5. депутаттын дарегине келип түшкөн кайрылуулар боюнча маселелерди чечүүдө өз учурунда, объективдүү жана толук кароо жана алар боюнча зарыл чараларды кабыл алуу максатында депутатка көмөк көрсөтүү;
47.6. жеке депутаттын жана фракциянын атына келип түшкөн кайрылууларды жалпылоо жана талдоо;
47.7 жарандардын кайрылуусу менен иштөөнүн абалы жөнүндө шайлоочуларды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалымдоого укуктуу.
48- бөлүм. Депутаттык суроо-талап
48.1. Депутат жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, айыл аймагынын/шаардын аймагында жайгашкан мамлекеттик менчиктин үлүшү бар, республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылоо алган же мамлекеттик органдын функцияларын же функцияларынын бир бөлүгүн жүзөгө ашырган уюмдарга, мекемелерге, фонддорго, алардын кызмат адамдарына, алардын компентенциясына кирген маселелер боюнча депутаттык суроо-талаптарды жөнөтүүгө укуктуу.
48.2. Депутаттык суроо-талаптарда жеке мүнөздөгү же юридикалык мүнөздөгү кеңештерди берүүнү талап кылуучу, ошондой эле айыптоону же мазактоону камтыган маселелерге жол берилбейт.
48.3. Көзөмөл органдарынын кызмат адамдарына, алардын өндүрүшүндө турган дайындуу иштер жана материалдар боюнча даректелген депутаттык суроо-талаптар, ушул органдардын жана адамдардын өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын эске алуу менен жүзөгө ашырылууга тийиш.
48.4. Депутат суроо-талап менен кайрылган ар бир орган же кызмат адамы 14 күндө жазуу жүзүндө жеке өзү жооп берүүгө милдеттүү.
48.5. Депутаттардын жергиликтүү бийлик органдарына жана алардын кызмат адамдарына карата жергиликтүү кеңештин сессиясынын учурунда жазуу жүзүндө же оозеки айтылган суроо-талаптары стенограмманын негизинде жол-жоболоштурулат, депутаттын өзү тарабынан кол коюлат жана аппарат тарабынан тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.
Депутаттык суроо-талаптар атайын бланкта жол-жоболоштурулат жана аппарат, жооптуу катчы тарабынан Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарына жеткиликтүү болгон депутаттык суроо-талаптардын жана аларга жооптордун бирдиктүү реестринде каттоого алынат.
VI БӨЛҮМ. ДАТКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШТИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНҮН АЙКЫНДУУЛУГУ
49- бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу
49.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу, жергиликтүү кеңештердеги маалыматтардын жарандарга жеткиликтүүлүгү жергиликтүү кеңештердин ишине коюлган принциптүү талап болуп эсептелет.
49.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин ишин чагылдыруу сессияларды жана жыйналыштарды телекөрсөтүү жана радио уктуруу, башка мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча берүү жолу менен, ошондой эле Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сайты аркылуу камсыз кылынат.
49.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин, фракциялардын, туруктуу комиссиялардын сессияларын жана жыйналыштарын видео-сүрөткө тартуу, ошондой эле үндөрдү жаздырып алуу белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
50- бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сайты
50.1. Башкаруу органдарынын ишин санариптештирүү жана маалыматты кагаз түрүндө алмашууну минимумга түшүрүү жөнүндөгү талапка ылайык Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сайты түзүлөт же анда жарыялануучу маалыматтар убактылуу тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын сайтында жайгаштырыдат.
50.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сайтында жергиликтүү кеңештин бекитилген иш пландары, кабыл алынып жаткан чечимдеринин долбоорлору жана кабыл алган токтомдору, аткарылып жаткан иштери жөнүндө дайыма жаңыланып туруучу маалыматтарды камтыган “Жергиликтүү кеңештин түзүмү”, “Фракциялар”, “Туруктуу комиссиялар, “Ченем чыгаруу иши”, “Коомчулук менен байланыш” жана башка бөлүмдөр болот.
50.3. Маалыматтык материалдарды сайтка жайгаштырууну аппараттын кызматкерлери, жооптуу катчы жүргүзүшөт, көзөмөлдөөнү Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жүзөгө ашырат.
VII БӨЛҮМ. ШАРК АЙЫЛ КЕҢЕШТИН ЖООПТУУ КАТЧЫСЫ
51- бөлүм. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин аппарат жооптуу катчысы .
51.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин ишин уюштуруучулук жактан Датка айыл кеңештин жооптуу катчысы камсыз кылат.
51.2. Жооптуу катчы Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларга жана Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарына жардам көрсөтөт. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессияларын уюштуруу жана өткөрүү үчүн керектүү материалдарды даярдоону камсыз кылат.
51.3. Жоопту катчы Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:
51.3.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтомдорун каттоону жүргүзөт (каттоо журналында);
51.3.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңешке келип түшкөн каттарды кабыл алат жана каттайт, кеңештин төрагасынын резолюциясына жараша каттарды аткаруучуга өткөрүп берет;
51.3.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессияларына материалдарды, анын ичинде жергиликтүү кеңештин токтомдорунун долбоорлорун жана анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундуларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;
51.3.4. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын долбоорун иштеп чыгууга көмөктөшөт, бекилгенден кийин алардын өз учурунда аткарылышына көмөктөшөт;
51.3.5. сессияларды, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарын чакыруу жөнүндө жергиликтүү кеңештин депутаттарын маалымдайт;
51.3.6. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессияларынын протоколдорун жүргүзөт, сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин депутаттарын катоону ишке ашырат;
51.3.7. чакырылган адамдарды, ачык сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышууну каалаган адамдарды каттону жүзөгө ашырат;
51.3.8. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин иш кагаздарын, анын ичинде келүүчүлөрдү кабыл алуу журналын, депутаттарга кайрылган жарандардын кайрылууларын каттоону жүргүзөт;
51.3.9. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтомдорун жол-жоболоштурат, аларды (күчүнө киргизүүгө) жарыялоону, каттоону, кеңештин депутаттарына, тийиштү адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга таратууну уюштурат;
51.3.10. расмий жарыялангандан кийин Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтөт;
51.3.11. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин документтерин, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын документтерин кошуп алганда, сактоону, системага салууну жана тийиштүү абалда кармоону камсыз кылат;
51.3.12. туруктуу, убактылуу комиссияларга, депутаттык топторго уюштуруучулук жагынан жардам көрсөтөт;
51.3.13. башка ченемдик укуктук актыларга, жергиликтүү кеңештин ушул Регламентине ылайык жана жергиликтүү кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
51.4. Аткаруу органынын башчысы менен макулдашуу аркылуу Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасына ылайык туруктуу (убактылуу) комиссиялардын ишине көмөк көрсөтүү боюнча аткаруу органынын жооптуу катчысынын иш-милдеттери аппараттын кызматкерлерине жүктөлүшү мүмкүн.
52- бөлүм. Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн, Регламентти сактоо үчүн көзөмөлдү ишке ашыруунун тартиби
52.1. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин Регламентинин жаңы редакциясы, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жергиликтүү кеңештин сессиясында кабыл алынат.
52.2. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу депутаттар, туруктуу комиссиялар тарабынан демилгеленген сунуштар тийиштүү туруктуу комиссияларда каралгандан кийин жергиликтүү кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилет жана жергиликтүү кеңештин сессиясында биринчи кезектеги тартипте каралат.
52.3. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин Регламентинин жоболорун чечмелеп түшүндүрүүнү жергиликтүү кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары ишке ашырат.
52.4. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу жергиликтүү кеңештин төрагасына жана төраганын орун басарына жана тийиштүү туруктуу комиссияга жүктөлөт. Датка айыл аймагынын айылдык кеңештин сессиясы учурунда кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу сессияга төрагалык кылуучуга жүктөлөт.
Төрага: Аман уулу Алмазбек