Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз III сессиясы
2024-жылдын 19-декабры № 1/3
Датка айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана 2025- жылдын иш-планына кирүүчү иш-чаралар жөнүндө
Датка айыл өкмөтүнүн 2024-жылга киреше бөлүгүнө кошумча түшкөн 4-кварталда салык агенттери төлөөчү салыгынын 3200,0 миң сом акча каражаттарын кароо жана 2025- жылдын иш-планына кирүүчү иш-чаралар жөнүндө жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселесин тийиштүү адистер менен такталгандыгы, бул маселени айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын отурумунда каралып, алар тарабынан киргизилген сунуштардын жана протоколдун негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-статьясын жетекчилике алуу менен айылдык кеңеши
Токтом кылат
I.Датка айыл өкмөтүнүн 2024-жылга киреше бөлүгүнө кошумча түшкөн 4-кварталда салык агенттери төлөөчү салыгынын 3200,0 миң сом акча каражаттары киреше бөлүгүнө бекитилип жана төмөндөгү тармактарга отүргүзүлсүн :
1.70629 – “Турак-жай коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” тармагына:
- Т-образка жолундагы электро жумуштарын аткарууга -1000,0 миң сом жана суунын трубаларды сатып алууга 541,3 миң.сом кайтарылып ордуна коюлсун;
-Топ-Терек айылындагы АРИС тарабынан курулуп жаткан көпүрөгө жергиликтүү бюджеттен салым - 200,0 миң сом;
- Башка иш-чараларга- 68,7 миң сом.
- Медресе айылын макам (статус) жана картасын жасоого -170,0 миң сом;
- Ташлак айылынын Таджидинов көчөсүнө трансформатор 160 кВт сатып алуу -265,0 миң сом;
2. 70825 – “Маданий иш-чаралар” – тармагына -20,0 миң сом
3. 70921 –“Орто билим берүү” тармагына:
- Мачак мектебинин электрожабдыктарынын жакшы иштеши үчүн трансформатор 250кВт сатып алууга -390,0 миң сом;
- №124 орто мектебинин ашканасына кондиционер сатып алуу - 102,0 миң сом;
- Датка айыл аймагындагы орто мектептерге өрт коопсуздугун алдын алууга өрт өчүрүүчү жабдыктарды сатып алууга - 200,0 миң сом;үздөрду суранам:
- Ибн-Сино орто мектебине генератор 10кВт сатып алуу - 150,0 миң сом;
- Топ-Терек орто мектебине электрозымдарды сатып алуу - 35,0 миң сом;
4. 70911 – “Мектепке чейинки билим берүү” – тармагына:
– Топ-Терек айылындагы жаңы ачылып жаткан бала-бакчага көмүр сатып алуу – 58,0 миң сом;
II. 2025- жылдын иш-планына кирүүчү иш-чаралар жөнүндө.
2015–жылдын 21-апрелиндеги №230 “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобого жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү туралуу” токтомго ылайык төмөндөгү долбоорлорду 2025- жылдын дем берүүчү (үлүштүк) гранттар тизмегине сунушталсын:
1.Датка айыл аймагындагы Маданият айылындагы №19 Т.Мусаев атындагы мектебинин аянттындагы кичи футбол аянтчасынын чатырын жабуу боюнча долбоорго айыл өкмөтүнүн салымы жергиликтүү бюджеттен 1 817 613 (бир миллион сегиз жүз он жети миң алты жүз он үч) сом.
2. Датка айыл аймагынын Маданият айылынын Н.Исанов көчөсүнө асфальт басуу боюнча долбоорго айыл өкмөтүнүн салымы жергиликтүү бюджеттен 4 775 100 (төрт миллион жети жүз жетимиш беш миң жүз) сом.
3. Датка айыл аймагынын Медресе айлынын Нурмамат ажы Айдаралиев көчөсүнө асфальт басуу боюнча долбоорго айыл өкмөтүнүн салымы жергиликтүү бюджеттен 4 742 609 (төрт миллион жети жүз кырк эки миң алты жүз тогуз) сом.
Жогорудагы долбоорлор 2025-жылдын шаардык жана айылдык аймакты өнүктүрүү планында берилүүчү долбоорлордун болуусу милдеттүү шарт болуп саналат жана тийиштүү жылга конкурска жиберилсин.
III. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы.Мамасалиевага жүктөлсүн;
VI. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Аман улуу Алмазбек |