Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз
IV сессиясы
2025-жылдын 15-январы № 1/4
Таштак айылындагы №516, 518, 338 контурундагы жайгашкан жалпы 2,12 га жер аянтына логистикалык борбор куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, траспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына” которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө №145 мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 04-ноябрындагы №665 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонун талаптарына ылайык Таштак айылында №516, 518, 338 контурларында жайгашкан жеке менчиктеги айыл чарба багытындагы сугат айдоо 2,12 га жер аянтына логистикалык борбор куруу үчүн, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 14-сентябрындагы №12 берилген оң корутундусунун негизинде жана Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Жер турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун негизинде (протокол 05.09.2024 жыл.) Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
Токтом кылат:
1. Таштак айылында №516, 518, 338 контурларында жайгашкан жеке мечиктеги айыл чарба багытындагы сугат айдоо жалпы 2,12 га жер аянтына логистикалык борбор куруу үчүн“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуга макулдук берилсин;
2. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айылаймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
3. Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Сүйүн Мамазаировко жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык кеңешинин “Жер турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |