Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз
IV сессиясы
2025-жылдын 15-январы № 2/4
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Медресе айыдлындагы №798 контурундагы жайгашкан жалпы 2,0 га жер аянтын мектеп, бала бакча жана ФАП куруу максатында муниципалдык менчикке которууга макулдук берүү жөнүндө
Датка айыл аймагында социалдык өнүктүрүү жана калктын жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Медресе айылында №798 контурундагы жайгашкан жалпы 2,0 га жер аянтын мектеп, бала бакча жана ФАП куруу максатында, Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнун кайрылуусун (кир. 13.01.2025 ж. №34/4) карап чыгып, талкуулап Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Медресе айылындагы №798 контурундагы жайгашкан жалпы 2,0 га жер аянтын мектеп, бала бакча жана ФАП куруу максатында мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке алынсын;
2. Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүн башчысын орун басары Б.Маданбековко жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |