Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз
IV сессиясы
2025-жылдын 15-январы № 3/4
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Медресе айылындагы жаңы конуш (4 км.) көчөсүнө Заиров Жаныбек атын ыйгаруу жөнүндө
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагынын Медресе айылынындагы көчөсүнү жашоочуларынын арызын жана протоколун (№1 05.12.2025-ж.) негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык Датка айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы карап, талкулап
Токтом кылат
1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Медресе айыдлындагы жаны конуш (4 км.) көчөсүнө Заиров Жаныбек атын ыйгарууга макулдук берилсин;
2. Көчөлөрдү кайра атоо боюнча чыгымдар демилгечи тарапка жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Социалдык коргоо жана маданий маселелер” боюнча комитетине тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |