Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 5-февралы № 2/5
Датка айыл өкмөтүнүн 2024 – жылдын 12-айынын
бюджетинин аткарылышы, 2025-жылга бюджетин бюджеттин
долбоорун бекитүү жөнүндө
Датка айыл өкмөтүнүн 2024– жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн 12 – айга аткарылышы жана 2025– жылдын бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүктөрү менен бекитүү жөнүндөгү маселе боюнча айыл өкмөтүнүн CЭӨБнүн башчысы Бекташ кызы Айжамал билдирүү жасап, бул маселени айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып айылдык кеңештин талкуусуна коюп, алар тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин Датка айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Датка айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин кирешелери бекитилген план боюнча 56393,7 миң сом болуп, өзгөртүүлөр менен 12 – айга такталган план 63593,7 миң сом, аткарылышы 65866,9 миң сомду түзөт. Ал эми чыгашалар бекитилген план боюнча 56393,7 миң сом болуп, өзгөртүүлөр менен 12 – айга такталган план 92606,8 миң сом, аткарылышы 79915,1 миң сомду түзүп, бул багытта жүргүзүлгөн иштер кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен аткарылышы белгиленсин;
2. Датка айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин атайын каражаттары план боюнча 10980,0 миң сом болуп, өзгөртүүлөр менен 12 – айга такталган план 10981,0 миң сом, аткарылышы 10031,9 миң сомду түзөт. Ал эми чыгашалар бекитилген план боюнча 10980,0 миң сом болуп, өзгөртүүлөр менен 12 – айга такталган план 12370,3 миң сом, аткарылышы 10373,5 миң сомду түзгөндүгү белгиленсин;
3. 2025-жылга Датка айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү 63890,4 миң сом жана чыгашалары 63890,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин;
4.2025-жылга Датка айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын каражаттардын кирешелери жана чыгашалары 20475,0 миң сом ата-энелер мүчөлүк акысы эсебинде бекитилсин;
5.Айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгышы бөлүгү 2025-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте каралган статьяларга (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү) каржылануусу белгиленсин:
5.1. Башкаруу аппаратына – 16072,0 миң сом;
5.2. Айылдык кеңеш- 1712,4 миң сом;
5.3. Турак жай жана комуналдык кызматтарга -29519,1 миң сом;
5.4. Китепкана – 399,7 миң сом;
5.5. Маданият үйү – 639,8 миң сом;
5.6. Маданият боюнча башка иш чараларга – 495,0 миң сом;
5.7. Мектепке чейинки билим берүү уюмуна – 2989,8 миң сом;
5.8. Билим берүү тармагына -9912,6 миң сом;
5.9. Социалдык коргоо тармагына -2150,0 миң сом;
5.10.Мектепке чейинки билим берүү уюмуна атайын каражаттар эсебинен 20475,0 миң сом болуп, жалпысынан 84365,4 миң сом.
6. Мектепке чейинки билим берүү уюмуна:
- атайын каражаттар эсебинен бир балага 1- күнүнө 70 сомдон тамак ашын каржылоого бөлүнсүн;
7. Датка айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штат бирдиги жалпы саны - 37, анын ичинен: башкы адис -4, жетектөөчү адис-3, адис -3, келишимдин негизинде алынган кызматкерлер -8, айыл башчылар -5 штат бирдиги Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 жарлыгынын негизинде бекитилсин;
8. Айылдык кеңештин штат бирдиги - 3, анын ичинен айылдык кеңештин төрагасы-1, айылдык кеңештин катчысы -1, иш жүргүзүүчү- 1;
9. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматтык ДЭУ Матиз 9644 ВВ автоунаасы жүргөнгө жараксыз болгондуктан келишимдин негизинде жеке тараптын автоунаасын кызматтык автоунаа катары бекитилсин жана жылына бөлүнүүчу автоунаага кетүүчү чыгашаларды (ГСМ, автозапчасти) каражаттар жергиликтүү бюджеттен каралсын;
10. Жыл ичинде айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип туруу укугу КР Бюджеттик Кодексинин 109-беренесине ылайык берилсин;
11. Айыл өкмөтүнүн 2026-2027 – жылдарга кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнө жергиликтүү жана атайын каражаттардын долбоору;
-2026 – жылга – 78958,3 миң сом;
-2027 – жылга – 83354,3 миң сом.
12. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
13.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Социалдык-маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын
иштери, бюджет жана финансы маселелер” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |