Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 5-февралы № 3/5
Датка айыл аймагы үчүн кыймылсыз мүлк салыгынын ставкасын бекитүү жөнүндө
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында, Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 17- январындагы №01-01-3/91 сандуу катынын негизинде, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
Токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын негизинде турак жай мүлк салыгын эсептөө жүргүзүү 25,16 сом болуп бекитилсин;
2. Бул токтом каттоого алынып, ушул токтомдун аткарылышын Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |