Редакцияот 08.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңешинин депутаттардын кезексиз V сессиясы

 

2025-жылдын 8-апрели  № 5/6

 

Баш-Кайыңды айыл аймагындагы таксилердин кызматы боюнча бааларды бекитүү  жөнүндө

 

 

Айылдардагы таксилердин кызматы боюнча бааларды карап чыгып,талкуулап  Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин  кезексиз V сессиясы  токтом кылат :

 

 

1.Баш-Кайыңды айыл аймагындагы айылдарда таксилердин кызматы боюнча баалар төмөндөгүдөй бекитилсин:

-       Өзгөрүш айылынан Ат-Башыга барып келүү  1 адамга -300 сом;

-       Талды-Суу айылынан Ат-Башыга барып келүү  1 адамга – 300 сом;

-       1-Май айылынан Ат-Башыга барып келүү 1 адамга- 200 сом;

-       Большевик айылынан Ат-Башыга барып келүү 1 адамга – 160 сом;

-       Баш-Кайыңды айылынан Ат-Башыга барып келүү 1 адамга- 140 сом

 

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Иса уулуна тапшырылсын.

 

 

3.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик

     укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы

                 А.Чукулуковго милдеттендирилсин

 

 

 

 

Төрага

А.Бокоев