Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2025-жылдын 5-февралы № 5/5
«Кара-Суу 11-90» муниципалдык ишканасын түзүүгө тең уюштуруучу болууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген «Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Датка айыл аймагынын айыл өкмөтү «Кара-Суу 11-90» муниципалдык ишканасын түзүүгө тең уюштуруучу болуп катышууга макулдук берилсин;
2. «Кара-Суу 11-90» муниципалдык ишканасын баштапкы уставтык капиталын түзүүгө жергиликтүү бюджеттеги 2025-жылдын башына калган бош акча каражаттарынын эсебинен 300 (үч жүз) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышын Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Датка айыл аймагынын айылдык кенешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |