Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 18-февралы № 2/6
Датка айыл өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын санариптик өнүгүү Министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаменти ортосундагы келишимдин жаңы редакциясынын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Санарип өнүктурүү министрлиниге караштуу Калкты каттоо департементи “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарлардын деңгелинде пилоттук режиминде административдик - аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ №370 Жарлыгына жана “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укутарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылүү методикасын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2024 -жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык “Жергеликтүү өз алдынча башкарүү органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын жогоруда айтылган мыйзам жана нормативдик актыларынын негизинде, Датка айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын санариптик өнүгүү Министрлигинин алдындагы Калкты каттоо департаменти ортосундагы 2025-жылга келишимдин жаңы редакциясы бекитилсин;
2. Ушул түзүлгөн келишимди тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоо боюнча иштерин, Датка айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Н.Саидовко жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы Датка айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |