Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2025-жылдын 18-февралы № 3/6
Датка айыл аймагыны айылдык кеңештин 15.01.2025-ж. №1/4 “Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Медресе айылындагы №978 контурундагы жайгашкан жалпы 2,0 га жер аянтын мектеп, бала бакча жана ФАП куруу максатында муниципалдык менчикке которуга макулдук берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Датка айыл аймагынын жер фондун сарамжалдуу пайдалануу максатында жана Медресе айылынын башкы Планына ылайык жана Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” комитетинин корутундусунун (14.02.2025-ж. №5 протоколу) негизинде, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Медресе айылындагы №978 контурундагы жайгашкан жалпы 1,87 га жер аянтынан :
- мектеп курууга 1,21 га жер аянты;
- бала бакча куруу га – 0,43 га жер аянты;
- спорт-ден соолукту чыңдоо борбору курууга – 0,22 га жер аянты;
- ТП жана таштанды чогултуу жайга – 0,01 га жер аянты ажыратылсын.
2. Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүн башчысынын милдетини аткаручуу, орун басар, жоотпуу катчысы Б.Маданбековко жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |