Редакцияот 11.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз VII сессиясы

 

2025-жылдын 11-апрели № 4/7

 

Датка айыл аймагындагы жаңы айылдарга макам берүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамынын 34-беренесин 7 пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023 - жылдын 29 -декабрында №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик - аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын ылайык, Датка айыл аймагынын тургундарынын айылдарга статус берүү жөнүндө протоколдорун негизиндее, карап чыгып, талкулап Датка айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

Токтом кылат:

I. Датка айыл аймагынын Шарк айылынын базасында:

1 Падаван участкасы - Датка айыл аймагынын Абдрашит Парпиев айылы,

- Мачак участкасы - Датка айыл аймагынын Ынтымак айылына,

-Бобалашкар участкасы - Датка айыл аймагынын Келечек айылына;

2. Таштак айылынын базасында (бир бөлүгү):

- Датка айыл аймагынын Ч.Айтматов айылы;

II. Датка айыл аймагынын жаңы түзүлгөн айылдарына статус алууга макулдук берилсин;

III. Датка айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталган жаңы айылдардын чек араларынын схема-карталары бекитилсин;

IV. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;

V. Жаңы түзүлгөн айылдарды статус алуу боюнча иштерди жана элге маалымат жайылтуу жагы Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин;

 

 

Төрага

 

Аман уулу Алмазбек