Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектеги сессиясы
2025-жылдын 21-январы № 2/1
Баш-Дѳбѳ айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысынын 2025-жылга каралган бюджетин бекитүү боюнча 2026-2027-жылдагы проектисин кароо жөнүндө
Баш-Дѳбѳ айыл аймагынын 2025-жылга карата айыл өкмөтүнун бюджетин бекитүү боюнча 2026-2027-жылдарга проектисин кароо жөнүндө маселе айылдык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Баш-Дөбө айылдык кеңеши токтом кылат.
1 2025-жылга Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 20937,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2 Айыл өкмөтүнүн 2026-2027-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрүнө ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3 Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн резервдик фондун 209,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
4 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгашалырын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, тамак аш, дары дармек жана милдеттүү камсыздандырууга чегерүү) комуналдык кызматтар (электро энергия, көмүр,суу) боюнча жүзөөгө ашыруу сунушталсын.
5 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тендөөчү гранттарды биринчи кезекте корголгон беренелер жана комуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын.
6 Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен комуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча органдары өз жоопкерчилигине алышат.
7 Бюджеттик мекемелер чарба жүргүзүүчү субьектилер жана жергиликтүү өз алдынча органдары тарабынан максатуу багытталышы боюнча пайданылбаган Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынсын.
8 Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетинин кирешесине алынсын.
9 Айланма кассалык калдык (обородный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча накталай акча каражаты 2025-жылдын 1-январына карата 100.0мин сом өлчөмдө бекитилсин.
10 Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы Күн-Мээрим жана Жаңы-Жол балдар бакчасына ай сайын ата-энелерден чогулган акча каражаты 1200 сом деп белгиленсин.
11 Ушул токтомдун аткаруу жагы Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
12 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет, финансы жана салык маселелери боюнча туруктуу комиссияна милдеттендирилсин.
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
| М.Тагайкулов |