Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектеги сессиясы
2025-жылдын 21-январы № 2/3
Баш-Дөбө айыл аймагынан Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди бекитүү жөнүндө
Баш-Дөбө айылдык кеңеши “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоо комиссияларынын курамына жана резервине талапкерлерди көрсөтүү маселесин карап чыгып токтом кылат.
1. Баш-Дөбө айыл аймагынан Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Сүйүнбай уулу Жоомартбекдин талапкерлиги жактырылсын.
2. Жактырылган талапкердин документтердин токтоосуз түрдө борбордук шайлоо Комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырамын.
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
| М.Тагайкулов |