Загрузка документа…
БАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II кезектеги сессиясы
2025-жылдын 21-январы № 2/4
Мамлекеттик лизинг компаниясы ачык акционердик коому аркылуу лизинг менен атайын техникаларын сатып алуу жөнүндө
Баш-Дөбө айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында Баш-Дөбө муниципалдык ишканасынын паркын жаңылоо үчүн жана авто техникаларынын жетишсиздигине байланыштуу, Hyundai R60W-9S атайын техниканы лизинг менен “Мамлекеттик лизинг компаниясы” аркылуу заарыл болгондугу жөнүндө Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Саипбаевдин маалыматын угуп, талкуулап айылдык кеңеш. токтом кылат;
1. Финансылык ижара келишиминин (лизинг) негизинде “Мамлекеттик лизинг компаниясы”ачык акционердик коому аркылуу жалпы баасы 85000 АКШ доллары (лизинг келишим түзүлгөн 11(он бир) пайыз менен 6(алты) жылдык мөөнөткө төмөнкү автоунааны алууга макулдук берилсин;
2.– Эксковатор Hyundai R60W-9S-баасы 85000(сексен бешмин мин) АКШ доллары Лизингтин жалпы баасынан 30 (отүз) пайыз өлчөмүндө Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн өздүк салымы (Которуу күнүндөгү доллар курсун эске алуу менен которулсун) АКШ доллары кошулсун.
4. Өздүк салымдан сырткары лизингке автоунаа бажы жагынан жол жоболоштуруусу,каттоосу,автоуна лизингтин бүткүл мезгилине камсыздандруусу жана лизингке алынган авто техниканын өз эсебинен сатып алууга байланышкан башка чыгашалардын акча каражаты Баш-Дөбө айыл өкмөтүнөн каралсын.
5. “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу Баш-Дөбө айыл өкмөт башчысы Н.Ж.Саипбаевке ыйгарылсын;
6. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Баш-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
| М.Тагайкулов |